Menu

Путин Ил-20 учагынын кыйрашына Сирия эмес Израиль айыптуу деп эсептейт

Бөлүшүү:

Орусия президенти Владимир Путин Сирияда Ил-20 учагынын кыйрашына байланыштуу аймактагы орусиялык аскерлердин коопсуздугу күчөтүлөрүн айтты.

Путин Ил-20 учагында курман болгон экипаж мүчөлөрүнүн жакындарына көңүл айтты. Ал бул окуяны трагедиялуу кокустук деп атады. Путин инциденттеги Израилдин ролу тууралуу Москванын позициясы Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө толук көрсөтүлгөнүн кошумчалады.

Сириянын аба күчтөрү орустардын аскердик чалгын учагын Жер ортолук деңизинин үстүнөн атып түшүрүп, 15 аскер адамы курман болгонун 18-сентябрда Орусиянын Коргоо министрлиги билдирген. Москванын маалыматына караганда, орус учагы радардан Сирия жээгинен 35 чакырымдай алыстыкта жергиликтүү убакыт боюнча түнкү 11де жоголгон. Бул учурда Израилдин F-16 учактары Сириянын Латакия провинциясындагы бир нече бутага сокку уруп, мунун артынан жарылуулар болгон. Орусия коргоо министрлиги Израиль аскерлери Ил-20 учагын калканч катары колдонуп, соккуга салып бергенин ырастоодо.

Израилдин армиясы дүйшөмбүдө Сирияда атып түшүрүлгөн учакка байланыштуу Орусиянын айыптоосун четке кагып, бул үчүн президент Башар Асаддын күчтөрү жоопкер экенин белгиледи. Бүгүн Путин бул окуяны Израиль премьер-министри менен талкууга алары күтүлүүдө.

Израиль армиясы ырааттуу түрдө Асаддын аскер объектилерине сокку уруп турат. Акыркы учурда орусиялык авиация Идлиб провинциясындагы бомбалоо иштерине катышууда. Эл аралык коомчулук аймакта химиялык курал колдонуу гуманитардык каатчылыкка алып келерин эскертүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: