Menu

Фото – УКМК: Нарында жергиликтүү кеңештин депутаты опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды

Бөлүшүү:

17-сентябрда МУКК ККК тарабынан ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ат-Башы районуна карашту айылдарынын биринин айылдык кеңешинин төрагасы, 1968-ж.т. Б.А. 15 000 (он беш миң) сом пара алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Кармалган адам аймактык энерго компаниянын кызматкерин өзүнүн абоненттеринен акча каражатын опузалап талап кылгандыгы фактылары бар деп, жогору турган бийлике даттанаарын айтып 20 000 сом пара талап кылгандыгы аныкталды.

Бул факт боюнча Нарын облустук прокуратурасы негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 304-(кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 313-(опузалап пара талап кылуу) беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кармалган адам Нарын шаарынын Тергөө камак жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: