Menu

“Замандаш” партиясы Мигранттарды медициналык камсыздандыруудан өткөрүүнүн өтүмдүү жолун сунуш кылды

Бөлүшүү:

“Замандаш” партиясы он жылдан бери эле мамлекеттин эң көйгөйлүу маселеси болгон жуз миңдеген мигрант замандаштарыбыздын камын көруп, алардын таламын талашып келатканы баарыбызга маалым. Бул тармакта татыктуу иш жасап келаткан партия – бир гана “Замандаш” партиясы жени талашсыз. Башка партиялардын бул маселеге “азуусу” өтпөй, алсыздык кылып келатканын квруп жатабыз: Аталган партия быйыл да мигранттарга аба менен суудай керек болгон көйгөйлүү маселелердин бирин кабыргасынан козгоп чыкканы буга чейин коомчулукка ЖМКлар аркылуу кабарланган. Ал маселе чет өлкөгө чыгып жаткан мигранттарды милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өткөруу. Бул боюнча “Замандаш” партиясынын төрагасы  Жеңиш Молдокматов буларды билдирди:

-Чет өлкөгө жаңы чыккан мекендештерибиздин көбү орус тилин жеткиликтүү билишпейт. Расмий статистика боюнча бир миллионго жакын жараныбыз чет өлкөдө эмгек миграцияда жүрөт. Алардын 90 пайызы Россия  федерациясынын аймагында жашап, иштеп келишет. Ал жакта медициналык камсыздандыруудан өтүү үчүн көп документтерди чогултууга туура келет. Акча дагы, убакыт даты көп кетет.

Медициналык камсыздандыруудан өтпөгөн жарандарыбыз кокус кырсыкка кабылган учурда эч кандай жардам ала алышпайт. Статистика боюнча «жүк 200 жөнөтүү үчүн жылына 3 миллион сомдон 7 миллион сомго чейин каражат кетет. Ошондуктан, милдеттүү медициналык камсыздандырууну Кыргызстанда уюштурушубуз керек.

Мына ушундай, урматтуу замандаш! Өкмот өзү билип, бул маселе боюнча башын оорутпаса, мигранттарга кам көрүп келаткан “Замандаш” партиясы кан какшап келатат. “Замандаш” бул маселени айтып гана тим болбостон, өз сунушун да билдирди. Аталган партия: “ Чет өлкөгө чыгуучу автобус, авиа же темир жол кызматтарына сатылып жаткан билеттердин баасына камсыздандыруунун акчасын кошуу керек. Бир адамдын бир жылдык камсыздандыруусу болжолдуу 300 сомду түзөт.” Чынында, бул сунуш маселени чечуунун эффективдуу жолу экенин байкоого болот. Болбосо, жыртык бюджетибизден бир нече миллион болуу иши оцой менен ишке ашпай турган оор маселе экенин жакшы билебиз. Андыктан, бир иштен, эки иш кылып, маселени чечүү үчүн ушундай кадамга чемкиндүү турдо баруу кыйла натыйжалуу болчудай. Бул кадам эң ириде биздин жуз миңдеген мигрант замандаштарыбыздын зарылып күткөн көйгөйүн чечүүгө жол салмак…

Булак: “Багыт”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: