Roomba i7 кичинекей автономдуу робот-чаң соргуч башка робот чаң соргучтардай болуп дале адамдардын башкаруусунан көз каранды эмес жана кожоюнуна бир топ пайда алып келе турган роботтордун бири десек болот. Анын эң жөнөкөй функциясы болуп соргон чаңды автоматтуу түрдө таштандыны таштанды салгычка туташып туруп чыгарып коёт. Муну менен кожойке убактысын үнөмдөп, дагы бир жумуштан арылтат десек болот. Система 30 баштык толгончо иштейт. Канча баштык толду же толо элеги туурасында маалымат берип турат. Ага тиркелген камера менен алгач робот бөлмөлөр менен таанышып чыгып, программасына киргизип койсоңуз, Roomba ашкананы тазала десеңиз барып ашканаңызды тазалай берет. Сатыкка 2019-жылдын башында чыгат. Баасы 949 доллардан кем эмес болоорун айтышууда.
Самара Саламатова
Булак: “Багыт”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ