Menu

Токон Мамытов премьер-министр жана президент гана боло элек….

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Акыйкатчысы кызматына бир нече адам талапкер болуп талпынып чыкты. Алардын арасынан татыктуусу эле генерал Токон Мамытов экени көрүнүп турат. Калгандары тажрыйбасы аз, салмагы чак, чоң кызматта иштеп көрбөгөндөр экен. Элге белгилүү болгондой Токон Мамытовдун иштебеген кызматы деле калбады. УКМКда жетекчилик кызматтарда көп жыл иштеп жүрүп, генерал-лейтенат болду. Чек ара кызматын эки ирет башкарды. Коргоо министринин орун басары, депутат, вице-премьер министр, губернатор, “Кыргыз алтын” сыяктуу мамлекеттик ишкананын жетекчиси, өкмөт башчынын кеңешчиси өңдүү кызматтарды аркалады. Ал ушунча көп кызматта иштесе да, артынан башкалардай “жеп-ичип” алды деген кептерди ээрчиткен жок. Салыштырмдлуу таза иштеди десек болот. Эми иштейлеги Акыйкатчылык кызмат, анан образдуу айтканда премьер -министрлик кызмат жана президенттик кызмат калыптыр. Акыркы экөөнү айта албайбыз. Бирок Токон мырзаны АКЫЙКАТЧЫ катары жакшы иштеп берет деп ишеним артсак болот. Жогорку Кеңеш деле бул жагынан тиешелүү жыйынтык чыгарса керек…

Булак: “Багыт”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: