Menu

Талас: “Манас-Ордодогу” улуттук рух каякта?

Бөлүшүү:

Быйыл, 2018-жылдын июнь айында ММКларга жана сайттарга Талас облусундагы улуттук “Манас-Ордо” тарыхый-этнографиялык комплекси жана анын 14 жылдан бери иштеп келе жаткан  алмашкыс  жетекчиси Чоюнбаев Ормош Жетигенович жөнүндө бир топ сын пикирдүү макала чыккан эле.

Ал макалага Талас облусунун ар-кайсыл тарабында жашаган өкулдөр кол койгонун билгенбиз. Арийне Талас элинин көпчүлүгү бул макаланы туура, намыстан чыккан ой-пикир катары кабыл алып, Өкмөт жана маданият министрлиги туура тыянак чыгарат деген ойдо болгон.  Маданият министрлигинен комиссия келип, макаладагы сын-пикир тууралуу текшерип кетиптир деп укканбыз.

Тилекке каршы сунуштар туура кабыл алынды жана жетекчи Ормош Чоюнбаев мындан ары кемчиликтерди ондоонун үстүндө  иштейт имиш деген тыянак чыгарыптыр деп, уктук.

Бул макала жазылбайт эле, жазылуусуна 2018-жылдын 28-июлдагы “Балбал таштарды сатып эмес, сатып алып ачык асман алдындагы музей куруп жатабыз”деген Ормош Чоюнбаевдин каяша каты түрткү берди.

Таластын баш аягынан бир топ башы көрүнгөн инсандар кол коюп сындарын айтса, туура кабыл алып койгондун  ордуна,”ит үрө берет”, ”койнунда котур ташы барлар”, “ирип-чирип бүтпөдү” жана башка этикага сыйбаган сөздөр менен, комплекстин жетекчиси Ормош Чоюнбаев каяша кайрып жатат. Мындай орой мүнөзү менен кантип жүзгө  жакын кызматчыга башчы болуп  иштеп  жатат деген, ой келди?

Анда Ормош Чоюнбаевдин жазгандарына тактоо келтирели:

Мен саясатчымын, экономистмин, партиялык кызматтарда иштегем дептир. Ырас 1993- жылдары № 113 жылкы заводунда жетекчи болуп иштеп, совхоздун малдарын  жок кылууга салым кошконун эл билет. Райондо аким болуп иштеп, бир топ кемчиликтердин айынан кызматтан алынганы белгилүү.  2005-жылкы парламенттик шайлоодо “Ата-Мекен” партиясынын штабын жетектеп, жан үрөп иштеп  салым кошкондугуна байланыштуу,  азыркы кызматына келгенин билебиз.

Ачык асман астында “Бал-бал таш” музейин ачтык дептир. Бул айтканына түзөтүү кылалы. 1975-1980 жылдары музейде директор болуп иштеген Манас изилдөөчү, журналист  Зарлык Сулайманов деген  “Манастын мамысын”, “Аккуланын жүрөк ташын,  Аккуланын туягын” жана башка көптөгөн “Бал-бал ташты” Талас шаарынан, “Манастын чакмак-ташын” Кен-Колдон алдырып келип койдурган.

Кийин Алыбаев деген директор болгондо азыркы майда “Бал-бал таштарды” сатып албай эле, Таластын баш-аягынан чогултуп “Манас археологиялык музейдин” чыгыш жагына жайгаштырбады беле.

Ал Ормош Чоюнбаев айткандай музей эмес, “Бал-бал таш” көргөзмөсү деп аталат. Ал каяша катында О.Чоюнбаев “Камырдын бели” дептир, тарыхый комплекстин башчысы, билимдүү мен деген адамдын бул сөздүн маанисин билбегендиги уят эле. Ал аталыштын тарыхый мааниси такыр башка жана ал тарыхта  “Камыр- бел” деп аталат. “Манас-Ордодо” жыл сайын жаны курулуштар курулуп жатат дептир.  Ушул күнгө чейин курулган заманбап даараткана жок, намысы козголуп сындуу макала жазган адамдар айткандай түлөөканага үч чон казандык кемеге тургузуптур, ал иштери  мактоого арзыйбы? “Каныкей-апа булагына” чункур-сайдын таманына “Семетейдин”, “Каныкейдин” эстелигин курдуруптур. Деги эле эстелик жана да зор мааниси бар тарыхый эстелик  андай курулбайт да? Илгертен ата-бабаларыбыздан калган, мисалы  “сайда калгыр”, “түбүнө түшкүр” деген жана башка сөздөр терс маанини түшүндүргөн, бул сөздөрдө жакшы каалоо жок да.       Эстелик андай болуп курулбайт, эстеликтер даана шанкайып бийик коюлат. Анын эстетикалык тарыхый  мааниси ушунда. Бул сын “бүткөн ишке сынчы көп” дегенден алыс, болгону намыстын айынан айтылып жаткан кербез. Бул курулуш кантип курулду жана кандай чыгашага турду бир Кудай билет,коррупциянын көлөкөсү  көрүнүп жүрбөсүн?

“Камыр белди” археолог Бакыт Аманбаев кастырганын  билебиз, анда кагыраган сөөктөр эмес, жалтыраган зергер буюмдар чыккан деп, укканбыз. Мында чындык бар деп, ойлойбуз. Ошол доордо “майытты” койгондо  буюм-тайымдары кошо коюлган. Ошондогу касылып алынган буюм-тайымдар жөнүндө жазылган актылар барбы, же кагыраган сөөктөрдү  ачып эле кете беришкенби?        Ормош Чоюнбаев иштеген 14 жыл аралыгында канчалаган арыздар Президентке, Өкмөткө, министрликке жазылып келатат. Келген комиссиялардын бардыгы эле, тирөөчүсү күчтүү О.Чоюнбаевге тиштери өтпөй, жууп-чайып эле кайтышып кетет. Кенири түшүнгөн адамдар мындай ыйык жерге тирөөч болбойт. Андан бери канчалаган кызматчыларды иштен кетирди, приказ книгасында жазылып турат. Ал түгүл белгилүү  манасчы А.Жуманалиев намысына чыдабай, бул дүйнө менен коштошуп кеткен.

“Манас-Ордодогу” финансылык тартип бузуулар, тагыраак айтканда өздүк чарбадан түшкөн каражаттардын дайынсыз жок болушу боюнча обл.прокуратуранын текшерүүсү  менен мыйзамсыз иштердин беттери ачылбады беле? Эл туура айтат, мүнөзү катаал, орой  дешип, өткөндөгү  катында  “итче үрүп кала берет”деген жагымсыз сөздөрү эмнени билдирет?

Бул ыйык жерде иштеген жетекчинин маданиятынын кемтиги, акылынын тайкылыгы, өзүн жосунсуз бийик кармаган кара өзгөйлүгү. Бул макала намыс козголгонунан, “Манас-Ордодогу” толгон токой кемчиликтерди  билген үчүн, күйүп- бышып жазылып жатат,  ыйык жайга пайда болсун деген аруу тилек.

Тамчылаган көз жаш же эмне себептен Манас-Ордо Меккеге айлана элек деген макалада жазылгандай, ыйык “Манас-Ордобуз” катардагы түлөө-каналардын санында болбосо экен.

Калыс Жумабаев

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 85 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: