18-сентябрда Ала-Бука районунун аймагында райондук Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө арналган бир айлыктын алагында иш-чара өткөрүлдү. Бул туралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага КР ӨКМнин Жалал-Абад облусубоюнча башкармалыгынын башчысынын у.м.а. полковник А.Закиров, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары К.Усенбаева жана жергиликтүү тургундар катышышты.
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, Жарандык коргонуу тутуму жөнүндө викторина өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө баалуу белектер ыйгарылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын атайын техникалары Ала-Бука районунун борбордук аянтына коюлуп, атайын техникалардын аткарган милдеттери жана өзгөчөлүктөрү катышуучуларга тааныштырылды.
Иш-чаранын экинчи бөлүгү Ала-Бука айылындагы №1 Төрөгелди Балтагулов атындагы мектебинде өтүп, кырсык учурунда окуучуларды коопсуз жайга эвакуациялоо, мектепте чыккан шарттуу өрттү өчүрүү жана имараттан чыга албай калган окуучуларды куткаруу ыкмалары жана жабыркаган окуучуларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү жолдору куткаруучулар тарабынан катышуучуларга иш жүзүндө көргөзүлүп берилди.
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга, кырсык учурунда өзүн туура алып жүрүүгө үйрөткөн үлгүлүү иш-чаралардан болду. Иш чарага жалпысынан 250 адам катышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ