Menu

Аида Салянова, экс-генпрокурор: Индира Жолдубаева менен Абдил Сегизбаевге өтө оор кылмыш иштерин козгосо болот

Бөлүшүү:

Эки жыл мурун УКМКнын ошол кездеги төрагасы Абдил Сегизбаев парламентке келип, «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова «Мегаком» деген аталыш менен белгилүү «Альфа-Телекомдун» 50% акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын жарыялаган. Бирок, жакында ошол эле Сегизбаев «Азаттыкка» берген маегинде «ыкчам булактар» аркылуу алынды» делген документтин чын-бышыгы тастыкталбай калганын мойнуна алды. Абийири төгүлүп, аферист экени далилденген Абдил Сегизбаевди айрым депутаттар жана айрым саясатчылар «документти жасалмалоо, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылуусу керектигин талап кылып жатышат. «Белизгейт» аттуу спектаклдин дирижеру Абдил Сегизбаев жоопко тартылабы, же Кыргызстанда президентти, парламентти алдоо адатка айланабы?

– Аида Жеңишбековна, «Белизгейт» чырында сиздин да атыңыз аталган. Сегизбаев ал кездеги жасаган кылмышын эми жуутканга аракет кылып жаткандай. Жасалма иштин айынан кайсы бир деңгээлде саясый ишмердигиңизге доо кеткен адам катары кандай чара көрөсүз?

– «Белизгейт» деген чоң афера башталып, Белиз өлкөсүнө байланыштуу документтерди (жасалма экени тастыкталды) алып чыгышканда, мен бир жагынан сүйүнгөм. Анткени, Кыргызстанда ар кайсы ушакты окшоштуруп, жабыштырып, даярдалган күбөлөрдү алып келип, көрсөтмөлөрдү бурмалап, болбогон нерсени жасап койсо болот. А Белиз башка мамлекет. Ошон үчүн бул фальсификация экени баары бир тастыкталарына ишенгем. А булар ойлошкон, «Белиз» деп койсок, элди ишендире алабыз, чын-бышыгын тастыктай турган эч нерсе келбейт» дешкен. Анткени, Белиз өлкөсүнүн спецификалык мүнөзү ушуңдай, жабык мамлекет, маалыматтар жабык. Ал жактан документтерди алуу кыйын. Бирок, кара ниеттиктин, кара пиардын өмүрү кыска болот. Мына бүгүн калп экени тастыкталып калды. Биринчиден, ал жакка эч кандай маалымат алып келиш үчүн адамдар барбаптыр. Сегизбаев айткан документтер бул жакка келбептир, ал жасалма экен. Эң башкысы, башкы прокуратурада дагы, УКМКда дагы мындай документтер каттоодон өтпөптүр.

– Бул афераны Сегизбаев жалгыз жасай алмак эместир. Дагы кимдердин тиешеси бар деп ойлойсуз?

– Абдил Сегизбаев менен Индира Жолдубаеваны өтө оор кылмыш менен айыптап, жоопко тартууга негиз да, себеп да бар. Алардын үстүнөн кылмыш иши козголушу керек. Албетте, абалга ошол кездеги президенттин дагы кайсы бир деңгээлде тиешеси бар. «Белизгейт» башынан ойлонуштурулуп, ролдор бөлүштүрүлүп, анан жасалган чоң спектакль болгон. Демек, сөзсүз түрдө уюшкан топтордун кийлигишүүсү жок бул афера болмок эмес. Кудай бар да, чындык жеңет экен. Алардын башка да кылган кылмыштары четинен чыга баштады. Жооп берчү күн алыс эмес экенине ишенем.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: