Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 2007-жылы өкмөт башчы кезиндеги кеңешчиси, алтургай айылдашы болгон Турдубек Молдобеков башында турган «Нур» партиясынын тегерегинде сөздөр көбөйүүдө. Алдыдагы парламенттик шайлоого бийлик менен алдыртан «ымдашып», камылганы башташканы, жакында бул топко президент Сооронбай Жээнбековдун Москвада үлкөн бизнес жасаган Үсөн аттуу туугандарынын бири кошулганы узун сабак кепке айланды. Жакынкы айларда президенттин тууган үкөсү Үсөн партлидер Турдубек Молдобеков, президентин кеңешчиси Айбек Азыранкуловдор менен жолугушуп, келечекке карай ой калчашканы, соңунда шайлоого бирге барууга убадалашканы сөз болууда. Турдубек мырзанын бийликтеги үлкөндөр менен эмитен «ымдашып», келечек пландарын кура баштаганы жөн эмес го? Мындай темп менен саясаттагы басыгын уланта берсе, ооматы ооп, кабылдамасында кезек күткөн жоон топ саясатчылардын катары калындайбы?
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ