Menu

Амангелди Муралиев, экс-премьер-министр:Кыргызстандын экономикасында алдыга жылыш болгон жок

Бөлүшүү:

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин «менин бийлигимдин тушунда өлкөнүн экономикасы кыйла жакшырып, бир топ иштер жасалды, сырттан карыздар туура алынып, туура багытта колдонулду» деген маанидеги билдирүүсүнөн кийин Кыргызстандагы бир катар саясатчылар, мурда-кийин бийликте, аткаруу органдарында иштеген чиновниктер өз пикирлерин айтып жатышат. Басымдуусу, экономикада эбактан бери эле жылыш жок экенин белгилешет.

«Акыркы 5-6 жылда экономикада жылыш токтоду»

– Ачык айтыш керек. Акыркы 5-6 жылды талдасак, Кыргызстандын экономикасында алдыга жылыш болгон жок. Мунун себептери көп. Биринчиден, дүйнөлүк каржы каатчылыгынын эпкини, Россияга тийген санкциялар биздин да экономикага кесепетин тийгизбей койбойт. Экинчи себеп – өкмөттүн солгун иш алып баруусу. Мындан улам, экономика, ИДПнын өсүү темпи стагнациянын деңгээлинде болуп турат. Туура, Бажы биримдигине киргенден бери бир аз жылыш бар. Россия, Казакстан менен соода-катыш жагы бир аз жакшырды. Өзбекстан чек арасын ачкандан кийин соода-бизнес дагы баш көтөрүп калды. Бул элге жакшы болду. Бирок, экономиканы өстүрүүчү негизги булак ири долбоорлордун ишке ашырылышынан табылат. Өндүрүш, өнөр жайды көтөрө турчудолбоорлор акыркы жылдарда таптакыр эле жок. Тескерисинче, ишин токтотуп, жабьшып жатат. Бүгүн эле уктум, «Кыргызалтындын» акыбалы начар экен. «Макмал» кенинин иши токтоптур. Анын ордун толтуруп, жаңы кендерди ачууга өкмөт эрте кам көргөн эмес. «Жерүй» токтоп турат. Нефтини кайра иштетүү заводдору илгери эле курулган, бирок, ал жерлерде да сырье жок, иш жок. Мунун баары өкмөттүн иши болсо, «өкмөт эч иш кылган жок» деп айтпаганда не дейбиз?..

«Алынган карыздар максатсыз пайдаланылды»

– Акаевдин, Бакиевдин учурунда орто эсеп менен ИДПнын деңгээли 40 пайыздын тегерегинде болчу. Азыр 60 пайыз. Сырттан алынган карыздардын суммасы өсүп эле жатат. Карыз алып жашаса болот, мен каршы эмесмин. Бирок, ал туура пайдаланылбай жатат. Бир гана «Датка-Кемин» электр көмөкчү чордонуна чоң суммадагы карыз алынды. Менимче; элге керек долбоор болду. Энергетикалык туруктуулук – башкы маселе. Ал эми инфраструктураны жакшыртууга: жолдорду курууга, оңдоп-түзөөгө, ТЭЦти жаңылоого алынган негизги карыздар максатсыз пайдаланылды. Ошон үчүн Атамбаевдин башкаруусунда сырттан алынган карыздар туура эмес багытка алынганын айтаар элем.

«Өкмөт экономиканы көтөрүүдө бизнес адамдары менен иштешсин»

– Учурдагы иштеп жаткан өкмөткө 4 айдан ашты. Бир кыймылы көрүнбөйт. Күнүмдүк иштер менен алек болуп жатат. Мен башынан эле айтып келатам. Бул өкмөт программасы жок келди. Элди кайда алып баратат – эч ким билбейт. Президент Жээнбеков акыркы учурда өкмөтгүн ишине ынанбай, өзү ишкер чөйрөсүнүн адамдарын чогултуп, кеңешме өткөрдү. Алардын көйгөйлөрүн өзү укту. А негизи, аларды президентке чакырбай, өкмөт чече турган иш болчу. Экономиканы көтөрүү жолдорун бизнес адамдары менен өкмөт издеши керек болчу. Андай дымак бул өкмөттө кымындай да жок экени көрүнүп турат. Акыркы учурларда өрт көбөйдү. Бир топ базарлар өрттөндү. Бул да болсо өкмөттүн тартипти кармай албай жаткандыгынан болуп жатат. Мындай кетиште кеч күздө өкмөт алмаштырылышы толук ыктымал. Алмашсьш. Өкмөт иштеш керек, өзүн көрсөтүшү керек.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: