Menu

Рыскелди Момбеков, депутат: Коррупцияга шектелген Эмил Осмонбетовго суроолор көп

Бөлүшүү:

– Рыскелди мырза, өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына талапкер Эмил Осмонбетов парламентке келген учурда бир топ ьщгайсыз суроолорду бердиңиз. Сиз келтирген фактылар канчалык чындык?

– Бул өзү айтпай жатканы менен Осмонбетовдун кызматтан кетиши туралуу коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып  жүрөт да. Ошол комитетте иштеп жаткандардан сурасам, аны коррупциялык схемаларды түзгөнү үчүн кийинки келген директордун сунушу менен козголгон кылмыш ишинин негизинде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кызматтан алганы айтылат. Андан да кызыгы, ошол иштен алынган күнү бул кайра кызмат ордуна келип, эч ким жоктон пайдаланып өзүнүн кызматтык кабинетиндеги телевизорду алып чыгып бара жатканда кароолчу тарабынан кармалып калат. Бул «менин өзүмдүн телевизорум» дейт, кароолчу (ал жаңы келген бала болгондуктан муну тааныбайт экен) «жок, коюп коюнуз» дейт. Айтор, ызы-чуу түшүп, акты түзүлгөндүгү тууралуу маалыматтарды ошол жердегилер айтып жатышат. Бул кийин «ал телевизорду мен өзүм алып келген болчумун, кайра алып бараткам» деп айтыптыр. Бирок, кийинки иштеп кеткен директордон сурасам, «комитеттин балансындагы эле телевизор болчу» дейт. Дегеле ал жакта иштегендер бул кишинин кайра келишин каалабай жатьпиат. Ал жөнүндөгү түрдүү пикирлердин интернетке чыгып атканы да ошондон.

– Осмонбетовду өкмөт башчы өзү сунуштап алып келди. Кандай деп ойлойсуз, премьер-министр анын өтмүшүнө кызыккан эмеспи?

– Жөнөкөй эле райондун акимин дайындаарда атайын текшерүү жүргүзүлүп, гезитке чыккан материалдарга чейин карашат, жети атасына чейин маалымат чогултушат. Мунун деле телевизорду көтөрүп кеткени жазылып жүрөт да. Анан кантип бул орунга сунуштап жатканы таңкалычтуу болууда. Ошон үчүн премьердин өзүнүн көзүнчө бул суроолорду берүүгө батынгам. Бул менин суроом эмес, элдин арасында калкып жүргөн суроолор да.

– Ага карата сиздин жеке кусаматыңыз жокпу деги?

– Мен аны тааныбайт да экенмин, ал жөнүндө мурда укпаптырмын дагы.

Жоробек Карыкулов

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: