Menu

Орусия биринчи жолу Кыргызстанга машыгуу үчүн «Искандер-М» комплекстерин жөнөттү

Бөлүшүү:

Орусиялык аскерлер биринчи жолу Уралдан Кыргызстанга КМШ өлкөлөрүнүн “Ысык-Көл- Антитеррор-2018” машыгуусуна “Искандер-М” оперативдүү-тактикалык комплекстерин жөнөттү. Бул тууралуу ТАСС Орусия Борбордук аскер округунун маалымат кызматына таянуу менен билдирди.

Урал ракеталык аткычтары “Эдельвейс” тоолуу полигонунда шарттуу террорчулардын лагерине чабуул жасайт.

ТАСС маалымдагандай, 24-26-сентябрда өтө турган эл аралык машыгууга миңге жакын орусиялык аскер катышат. Буга чейин Кыргызстанга Тыквадан тоолуу мотоаткычтар бригадасынын батальон-тактикалык тобу жөнөтүлгөн. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети бул маалыматка комментарий бере албасын айтты.

“Искандер-М” жакынкы аралыкка атуучу баллистикалык ракета болуп эсептелет.

ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, машыгуу үчүн бомбалоочу алты Су-24М учагы да жөнөтүлдү. Орусиялык учкучтар шарттуу мыйзамсыз куралдуу топтор жайгашкан аймактарга жана лагерлерге сокку уруу үчүн даярдык көрүшүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: