Былтыр Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясынын астында Роза Отунбаева «Азаттыкка» маек бергенин эрксизден эстейсиң да. «Мени инаугурацияга чакырышкан жок, чакырса да бармак эмесмин, себеби, Апрель революциясында жеңиш алып келген менин жолдошторум Текебаев, Чотонов, Асанов түрмөдө отурушса, мен кантип майрамдайм?..» деген маанайда айткан. Аты аталган саясатчылар бүгүн деле абактан чыгыша элек. Ал эми Отунбаева жай айында «Мекендештер» форумунда президент Жээнбеков менен төрдө отурду, андан соң эгемендүүлүк күнүндө бирге майрамдашты, ага улай Көчмөндөр оюнунда дагы чогуу салтанатта болушту. Кызыгы, кечээги айткан сөздөрү менен бүгүнкү кыймыл-аракеттери карама-каршы чыгып атпайбы, кандай дейсиздер? Же түрмөдөгү жолдошторун чанып кеттиби? Алар дагы деле камакта отурушат. Эмнеси болсо да, чоң саясатчы, экс-президент бир жылга жетпей көз карашын тез өзгөртүп, кубулма жүзгө айланып атканы таңгалдырууда. Үлгү ала турган Роза апчебиздин жүрүшү мындай болуп аткан соң, башкаларынан жыргаган нерсени күтмөк белек?..
Кубат Карачев
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ