Билим берүүдөгү көйгөйлөрдү биринин артынан бирин чубап бүтө алчудай эмеспиз. Жалал-Абаддын Сузак районундагы Жоон-Күнгөй айылындагы №28 Таштемир Көчөров атындагы эки кабаттуу мектептин капиталдык оңдоо иштери соңуна чыкпай, сабактар баштала элек. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Шарипа Тажидинова маалымдаган.
«Тендер иштериндеги талаш-тартыштан улам билим уясынын имаратын оңдоо жумуштары кечигип башталды. 15-октябрга чейин биринчи кабаты оңдолуп бүтсө, окуучулар окууга келет. Калтырылган сабактарды алар күзгү жана кышкы каникул учурунда өтүшөт» деди Тажидинова.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ