Menu

Каржы полициясы 7 миллион сомдон көп суммадагы өзгөчө ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн качуу фактысын аныктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) Ош облусунун Араван жана Ноокат райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында Ж.С.” ЖЧК салык төлөөдөн качып, отчетторунда жалган чарба жүргүзүүчү субъекттерден товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алып жатабыз деп жалган көрсөтүп келишкени аныкталды.

Аталган товардык-материалдык баалуулуктарды жалган сатып алуу өз кезегинде “Ж.С.” ЖЧКны кошумча нарк салыгы боюнча пайда болгон суммага болгон укугу менен камсыздаган. Андан кийин аталган ЖЧК чогулган сумманы пайдаланып, ар түрдүү чарба жүргүзүүчү субъекттерге кошумча нарк салыгы боюнча эсеп-фактураларды жазып келишкен.

КРӨгө караштуу ЭККМК дайындаган текшерүүнүн натыйжасында Мамлекеттик салык кызматынын Араван району боюнча башкармалыгы жалпы суммасы 7 миллион сомдон көп (7 639 521 сом) салыктарды жана төлөмдөрдү эсептеп, аныктады.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 182-беренесинде (жалган ишкердик) жана 213-бер. 2-б. (чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызмат адамдарынын өзгөчө ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн четтөөсү) каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Азыркы убакта ЭККМК аталган кылмыш иши боюнча келтирилген зыяндардын ордун толтурууга багытталган чараларды көрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: