Menu

КР Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Ош ШИИБде ыкчам жыйын өткөрдү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 20-сентябрда Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев Ош ШИИБде Ош шаардык, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын ички иштер башкармалыктарынын, шаардык-райондук бөлүмдөрүнүн жетекчилерине ыкчам жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө министр Кашкар Джунушалиев бөлүмдөрдүн жетекчилеринен ал тараптан берилген тапшырмалардын аткарылышы, жер-жерлердеги абалдар жана кызматкерлердин социалдык камсыздалуусу тууралуу, ошондой эле кылмыштуулуктун ачылышы жөнүндө сурады. Бул тууралу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Жыйында ички иштер министри Кашкар Джунушалиев бардык кызматкерлерди кызматтык тартипти сактоого чакырды. Андын сырткары, түзүмдүн башчысы өздүк курамга Кыргыз Республикасынын жаңы кодекстерин окутуу керектигин, андан соң кызматкерлердин жаңы кодекстерди канчалык денгээлде билгендигин текшерүүнү тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: