Menu

Рита Карасартова: Токон Мамытов укук коргогон эмес, укук бузган органдарда эмгектенип келген

Бөлүшүү:

– Рита айым, «Бир Бол» фракциясынын атынан акыйкатчылыкка талапкер болуп сиз көрсөтүлдүңүз. Акыйкатчылык акыйкат шайланарына ишенимиңиз барбы?

– Менде «акыйкат шайлоо болот» деген ишеним бар. Анткени парламент деле 2015-жылдан бери өсүп чоңойду. 2016-жылы Конституцияны өзгөрткөндөн бери тең салмактуулук бузулуп, бийлик бутактарынын үстүнөн улуттук коопсуздук кызматы үстөмдүк кылып калган. Депутаттардын бул жолку акыйкатчыны шайлоосунан өз алдынча добуш бере алабы, же бере албайбы, коомго ачык айкын билинет.

– Сиздин башкы атаандаштарыңыздын бири Токон Мамытов укук коргоо жаатында кандай иш тажрыйбасы бар? Кандай деңгээлде иш жүргүзө алат?

– Адамдын кайсы тармакта кандай иш алып барарын тажрыйба менен билсе болот. Токон Болотбекович укукту бузган органдарда, министрдин орун басары ж.б. кызматтарда эмгектенген. Адамдардын укугун коргогон эмес. Мурда жалаң гана мамлекеттик органдарда, эң жогорку кызматтарда эмгектенип келген. Адам укугун дал чыркыратып ошол мамлекеттик органдарда эмгектенгендер бузат. Акыйкатчылык – «мамлекеттик органдар адам укугун бузбасын» деп алардын үстүнөн көзөмөлдөгөн орган.

Жамиля Нурманбетова

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: