Menu

Акылбек Султанов, Улутстаткомдун төрагасы: Эл каттоого 25 миң адам тартылат

Бөлүшүү:

Өлкөдө 2020-жылы элди жана турак жай фондун каттоо боюнча кампания өтөт. Анын өзгөчөлүгү эмнеде жана ага кандай даярдыктар болуп жаткандыгы тууралуу Улутстаткомдун төрагасы Акылбек Султанов менен маек курдук.

– Эл каттоо мамлекетке эмне берет?

– Эл каттоо элдин социалдык жана экономикалык абалы жөнүндө маалыматтарды алуунун маанилүү булагы болуп эсептелет. Ушул эле учурда элдин билим деңгээли, никелик үй-бүлөлүк түзүмү жана өлкөнүн этнолингвистикалык курамы сыяктуу маалыматтарды жалпы каттоо учурунда гана алууга болот.

Эл жана турак жай фондун каттоо – бул айрым социалдык, демографиялык жана экономикалык белгилери боюнча өлкөнүн аймактарында жашаган баардык элдин санын расмий эсепке алуу мезгилинде регулярдуу интервал аркылуу өткөрүүгө мүмкүндүк бере турган мамлекеттик маанилүү иш-чара. Жалпы эл каттоонун негизине өзүн-өзү аныктоо принциби кабыл алынды, б.а., керектүү маалымат тастыктоочу документтерден эмес, респонденттин сөзүнөн алынат. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматгарынан айырмаланып, Мамкаттоо кызматы тарабынан чогултула турган биометрикалык маалыматтар КР жаранынын паспортунун милдеттүү түрдө болушун болжолдойт. Каттоодо анын жарандыгына же каттоосуна, турак жайынын бар же жашаган ордунун жоктугуна карабастан, бүт эл эсепке алынат.

Эл аралык практикада каттоо маалыматтарынын базасынан демографиялык статистика негизделет, ал жарандардын туулгандыгы, өлгөндүгү, өлкөдөн чыгып кеткендиги жана келгендиги жөнүндө администрациялык маалыматка таянуу менен жыл сайын жашы, жынысы, шаар жана айыл жергесинде жашагандыгы боюнча элдин санын зсептейт.

Каттоонун жыйынтыктары демографиялык жана социалдык саясатта, ошондой эле өлкөнүн жана региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдоолорун жана программаларын иштеп чыгуу үчүн да кеңири колдонулат. Маалыматгар мамлекеттик жана коомдук турмуштун ар түрдүү тармактарында да колдонулат. Потенциалдуу салык төлөөчүлөр, же аскерлер ж.у.с. жөнүндө маалыматтарды чогулткан сыяктуу эмес, анын максаттары абдан кеңири. Башка сөз менен айтканда, элди каттоо коомдун абалын, анын экономикасын, социалдык чөйрөсүн, ж.б. тигил же бул көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүтө мүмкүндүк бере турган коомдун портретин заматта чыгарып берет.

– Эл ал маалыматтардын купуялыгына, корголо тургандыгына ишенсе болобу?

– Жеке маалыматтарды таркатууга (жайылтууга), анын йчинде мамлекеттик органдарга жана башка уюмдарга берүүгө жатпайт жана алар жыйынтык маалыматтарды түзүү үчүн тана колдонулат. Маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу милдети каттоо барактарына жетүүгө укугу бар, элди каттоонун баардык катышуучуларынын кызматтык нускамаларында жана жарандык-укуктук келишимдеринде каралган. Бул принциптин бузулушу мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартууга алып келет. Ал эми  жеке маалыматтар респонденттин ФАА – маалыматгар базасына киргизилбейт.

– Эл каттоо акыркы жолу качан өттү эле?

– КР көз карандысыздыкты алгандан кийин биринчи улуттук эл каттоо 1999-жылы өткөрүлгөн, анда 4,8 миллион адам, акыркы жолу 2009-жылы 5,3 миллион адам катталган. Алдыда боло турган эл жана турак-жай фондун каттоо, 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин атайын даярдалган каттоочулар тарабынан элди сурамжылоо жолу менен өткөрүлөт. Ош облусунун Сары-Таш, Сары-Могол, Чоң-Алай, Жекенди айыл аймактары, Ысык-Көл облусунун Ак-Шыйрак, Эңилчек айыл аймактары сыяктуу республиканын алыскы аймактарында каттоо 2020-жылдын 20-апрелинен 29-апрелине чейин өткөрүү белгиленип жатат, «КРда 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө» КР өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 токтому боюнча алыс жайгашкан айылдар баардыгы болуп 144 эл жайгашкан пункту бар.

-Алдыда боло турган каттоо мурунку каттоолордон эмнеси менен айырмаланат?

– Негизги айырмасы, жыйынтыгында эмгек ишмердиги жана миграция боюнча маалыматтарды алууга мүмкүндүк бере турган, эмгек миграциясы боюнча маселелердин моделдик блогу КМШ жана ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин каттоо барактарына киргизилгендиги саналат. Ошондой эле суроолор  жыйнагына биринчи жолу туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын (ТОМ) индикаторлору киргизилди. Бул элдин мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелиши боюнча маселелер, башкача айтканда, «сизде көрүү, угуу, басуу боюнча көйгөйлөр барбы?» дегендей. Бул суроолор өлкөдө ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген канча адам жашай тургандыгын аныктоого мүмкүндүк берет.

2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо КРнын «Таза коом» санариптик трансформациялоо программасынын алкагында өткөрүлөт жана каттоонун даярдык көрүү мезгилинде Улутстатком МККнын администрациялык маалыматтарынан, башкача айтканда, даректик регистрден, кыймыл-сыз мүлк реестринен жана гео-маалыматтык системадан – санартиптик карталарды колдонот. Каттоочу кызматкерлер тарабынан тизмелерди түзүү учурунда мурдагы үй ээлеринин жана МККда катталбагандардын, ошондой эле турак жайлар жана аларда адамдар жашаган курулуштардын даректери такталат.

– Калкты каттоонун жүрүшүндө жарандардын кайсы маалыматтары эске алынат?

– 2020-жылдагы эл жана турак жай каттоонун программасы мурунку эл каттоолордун программасын эске алуу, мамлекеттин маалыматтык керектөөлөрүн жана эл аралык сунуштарын камсыз кылуу менен түзүлөт.

Булар жынысы, туулган куну, үй-бүлөлүк абалы, улуту, төрөлгөн өлкөсү, өлкөдө убактылуу болбогондугу же убактылуу келгендиги жөнүндө белгилердин болушу; жарандыгы, тилдерди билиши, миграцияга катышы бар экендиги, билими, азыркы учурда окуу жайларга же бала бакчага барабы же жокпу, ушул сыяктуу суроолор. Жумушу жана жашоого карата булактары тууралуу маалыматтарды алабыз. Ошондой эле компьютер, интернет, мобилдик байланыш менен колдонууну биле тургандыгы жөнүндө маалыматтарды да эске алабыз. Мындан тышкары, аялдардан балдарынын саны, алардын канчасы аны менен бирге жашагандыгын жана канчасы өз алдынча жашай тургандыгын сурайбыз. Каттоо – бул тастыктоочу документтерсиз, респонденттердин сөздөрүнөн, элдин баардык мүнөздөмөлөрүн бир эле учурда алууга мүмкүндүк берүүчү булаты экендигин дагы бир жолу белгилей кетсем болот.

– Маалыматтарды чогултууга канча адам тартылат?

– Каттоого даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн бүткүл мезгили ичинде, каттоонун маалыматтарын иштетүүдө жана КР эл жана турак жай фондун каттоонун жыйынтыктарын алууга 25 миң адам ишке тартылат, алардын ичинен каттоочулардын саны эле 18 миңди түзөт. Бүтүндөй өлкөнүн аймагында 560 каттоо бөлүмдөрү, 4 миңге жакын инструктордук участоктор түзүлөт.

– Кампания учурунда адамдар «эл каттоочумун» деп анын үйүнө кирген көз боёмочуларга алданып, жабыркап калбайбы?

– Ар бир кызматкерге жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы, мэр, аймактык мамлекеттик статистика органынын жетекчиси кол койгон жана тиешелүү мөөрлөрү басылган, кызматкердин фамилиясы, аты, атасынын аты, анын сүрөтү жайгаштырылган, төрт бурч формасындагы каттоочунун күбөлүгү берилет. Каттоодон 10 күн өткөндөн кийин каттоочунун күбөлүгү андан алына тургандыгын белгилеп кетейин. Мындан тышкары, каттоочунун айырмаланган белгилерин же униформасын түзүү маселеси каралып жатат.

– Чет өлкөлөрдө жүргөн эмгек мигрантгары эсепке алынабы?

– Мен жогоруда айтып өткөндөй, КМШ жана ЕАЭБ мамлекеттери максималдуу жакынкы мөөнөттө, 2019-жылдын октябрынан 2020-жылдын октябрына чейинки мезгилде улуттук каттоолорду өткөрөт, КР аймагында узак убакыт (бир жыл же андан көп убакыт) жок болгон мигранттар үчүн каттоо барагы толтурулат. Маалыматтар үй чарбасынын мүчөлөрү тарабынан алар тууралуу берилгендерге гана чогултулат.

– Мисалы, айрым көчөлөрдүн аталыштары жана үйлөрдүн номерлери да жок болгон жаңы конуштарда эл каттоо кандай өтөт?

– КР 1-вице-премьер-министри К.Бороновдун төрагалыгы астында республикалык комиссиянын отурумунда бекитилген календарлык планга ылайык, 2020-жылдын 1-январыначейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары даректүү чарбаларды тартипке келтирүүгө милдеттүү, бул көчөлөрдүн жана жаңы конуштардын аталыштарын тактоо, аталышы жок көчөлөргө аталыштарды берүү, үйлөрдүн жана курулуп жаткан үйлөрдөгү батирлердин номерлерин аныктоо жана көчөлөрдүн аталыштарынын табличкалары менен камсыз кылыйы керек. Ушуга байланыштуу, 2020-жылы КР аймагында эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча баардык иш-чараларды аткаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мен да кайрылып кетким келет жана азыркы учурда көчөлөргө, жаңы конуштарга аталыштарды берүүгө жана ишти активдештирүүгө мүмкүнчүлүк бар.

– Жарандар өз маалыматтарын берүүдөн баш тарта алабы?

– Эл жана турак жай фондун каттоого катышуу милдеттүү мүнөздө болуп саналат. Каттоо документтерине киргизилген суроолор боюнча талап кылынган маалыматтарды бербей коюуга суроого жооп берип жаткан адамдардын укугу жок. Маалыматты берүүдөн баш тарткан учурда, алар КР мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартышат. Ушуга байланыштуу, каттоону өткөрүү убагында 10 күндүн ичинде аларга келген каттоочуларга түшүнүү менен мамиле жасоо өтүнүчү менен элге кайрылып кетким келет. Ал эми каттоого карата коомчулуктун терс мамилесин болтурбоо үчүн элдин арасында жалпы маалымдоо-түшүндүрүү иштерин өткөрөбүз.

Керим Мурас

Булак: “Азия ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: