Menu

Казакстанда telegram-чатка катышкан оппозициянын тарапташы соттолду

Бөлүшүү:

20-сентябрда Казакстандын Актау шаардык соту өлкөдө тыюу салынган «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын telegram-чатына катышкандыгы үчүн кылмыш иши козголгон Абловас Жумаевге карата өкүм чыгарды.

Ал «социалдык кастыкты козутууга» жана «бийликти күч менен басып алуу чакырыктарын жасоого» күнөөлүү деп табылып, үч жылга эркинен ажыратылды. Соттогу акыркы сөзүндө Жумаев бардык айыптоолорду четке какты. Анын адвокаты менен жубайы бул чечим боюнча жогорку баскычтагы сотко даттана тургандыктарын билдиришти.

44 жаштагы Актау шаарынын тургуну Абловас Жумаев 11-майда кармалып, кийин соттун чечими менен камакка алынган. «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар деп анын жубайы Айгүл Акберди менен шаардын дагы бир тургуну Женис Бисенгазиев да шектелүүдө. 26-июнда аларга каршы «Пропаганда жана бийликти күч менен басып алуу чакырыктарын жасоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Учурда чет мамлекетте жашап жаткан оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов тарабынан негизделген «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылы өлкөдө «экстремисттик» деп табылып, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: