Menu

Депутат Кулбараков №1 бортту жаңылоо маселесин көтөрдү

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Абтандил Кулбараков кечээ ар кандай маселелер саатында президенти жана премьер-министрди ташыган учакты алмаштыруу маселесин көтөрдү. Ал өз сөзүндө:

«Урматтуу Асел Союзбековна, Ашырбек Мойдунович!

Ар бир влкенун биринчи милдети бул өз жарандарынын коопсуздугу, жер бетинде журобу же аба мейкиндигинде учабы баардык жарандарга коопсуздук шарттарын түзүп берүү зарыл. Мен өзум күбө болдум, биздин Өлкө башчыларыбызды Президентибизди, Премьер-министр жана расмий мамлекеттик делегацияларыбызды ташыган биринчи борт 1993-жылы өндүрүштөн чыккан Ту-154учагы экен. 25-жыл бул бир топ эле убакыт, ар бир эле учак мындай мөөнөттө тийиштүү деңгээлде кызмат өтөй албайт. Мисалга алсак 2016-жылы ушундай эле үлгүдөгү учак кайсыл жылы чыкканын жана ишке берилгендигин билбейм, Кара деңизде кырсыкка учураган деген маалымат бар. Баарыбызга маалым болгондой Президентибиз Сооронбай Шарипович керек учурларда эл менен чогуу Ошко, ошондой эле Москвага дагы жалпы каттамдардагы учактар менен учуп жүрөт. Бирок, расмий мамлекеттик визит болгондо антип барууга мүмкүн эмес болгондуктан 25-жыл мурун чыккан учакта учууга мажбур. Кошумчалай кетчү нерсе, Президентибиз жалгыз учпайт, ал Кыргыз өлкөсүнүн делегациясынын курамы менен анын ичинде депутаттар, Өкмөт мүчөлөрү, Президенттик аппараттын кызматкерлери, журналисттер чогуу барышат. Урматтуу Ашырбек Мойдунович жогоруда айтылгандай коопсуздук маселеси кайдыгерликти кечирбейт, ошол себептен, тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшырма берип, бул маселеге кайдыгер карабастан тезирээк карап чыгууңузду өтүнөт элем. Бул маселени менин кесиптештерим, урматтуу депутаттар дагы туура кабыл алып, колдоп берет деп ишенем» -деп депутат мырза президентти ташыган №1 бортту жаңылоо маселесин көтөрдү.

Аныгында Кулбараков туура маселени кабыргасынан койду. Буга терең маани берип, маселени тез арада чечүү мезгилдин талабы болуп турат.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “De-Факто

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 51 = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: