Menu

Акылбек Жапаровдун диссертациясынан “плагиаттык издер” табылдыбы?

Бөлүшүү:

Кыргызстанда акыркы он айдын ичинде 6 диссертацияда плагиат бар экени аныкталды. Бул аралыкта 160 илимий эмгек текшерилгенин Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасынын орун басары Нурлан Атабаев ММКларга берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, гуманитардык багыттагы эмгектерден плагиат көп чыгат. Плагиат чыккан диссертацияга алгач изилдөөчу андан соң анын илимий жетекчиси жооп берет. Эгер жетекчинин эки окуучусу плагиат менен кулатылса ал 3 жыл илимий жетекчи болуу укугунан ажыратылат.

Ошолордун ичинен «Диссернет» ресурсу Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун диссертациясынан да плагиат таап чыкты. Ресурстун эксперттеринин маалыматында, Акылбек Жапаров 2009-жылы экономикалык өнүгүү жана соода министри болуп турганда экономика илимдеринин доктору наамы үчүн «Кыргыз Республикасынын экономикасын модернизациялоо стратегиясы» деп аталган диссертациясын жактаган. Иш 256 беттен турат, анын ичинен 22си техникалык маалыматтар (мазмуну, адабияттардын тизмеси, тиркемелер). Доктордук даражаны ал кандидаттык диссертациясын жактагандан бир жылдан кийин алган.

«Диссернеттин» кызматкерлери 234 беттик диссертациянын 122 бетинен башка изилдөөлөрдөн көчүрүп алууларды тапкан. Анда Шайлообек Мусакожоев, Азгануш Мигранян, Авасбек Момункулов жана Нурматбек Мамбеталиев аттуу кыргызстандык илимпоздордун эмгектери колдонулган. Ошондой эле, Орусиянын Каржы академиясынын Л.В.Бараева деген студентинин 2002-жылы жазган курстук иши да пайдаланылган. «АКШнын экономикасынын очерки» аттуу брошюранын материалдары да бар. «Диссернеттин» иликтөөчүлөрү диссертациядан бир гана Шайлообек Мусакожоевдин эмгектерине шилтемелерди табышкан. Башка илимпоздордун эмгектери библиографиялык тизмеде да, диссертациянын текстинде да көрсөтүлгөн эмес. Изденүүчүнүн аталган авторлор менен чогуу жазган эмгектери жөнүндө маалыматтар жок. Муну менен алардын эмгектеринин үзүндүлөрү Акылбек Жапаровдун өзүнүн тексти катары кабылданган.

Бул плагиаттык иши боюнча учурда Акылбек Жапаров ак же көк дей элек.

Камчы Кадыров

Булак: “De-Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: