Прьмер-министр Мухамедкалый Абулгазиев «Евразиялык банктын» жетекчиси Бельяниновдун кыргыз өкмөтүн сындап, кемсинткени боюнча пикирине Жогорку Кеңештин трибунасынан «өзүн билсинчи, сын такканды ким коюптур ага, андай арты таза эмес адам менен сүйлөшкөн менин деңгээлим эмес» дегендей баа берди. Албетте, бир чети сырттан караган кишиге аябай эле орундуу жооп бергендей туюлат. Бирок минтип Бельяниновдон өзүн өйдө коюп, сен ким элең дегендей каяшасы үчүн «Евразиялык банктан» акча ала албай жалдырап барбаса болгону… Мынча болгондон кийин, Россияга кулдукурбагыдай иш алып барса экен. Эки ооз каяша жооп айтам деп кийин жалдырап кечирим сурап жүрсө, таза шермендеси чыгат го. Антее эле мамлекетгин аб-роюна көлөкө түшүрөт. Ошондон Кудай сактасын…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ