Menu

“Белизгейт” чыры жакында бүтпөйт….

Бөлүшүү:

“Белизгейт” боюнча териштирүү кайрадан жүрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшембиев билдирди. Ал быйыл 31-июлда Башкы прокуратура “Белизгейт” боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тарткан токтомун 18-сентябрда кайра жокко чыгарганын айтты. Башкача айтканда, кошумча териштирүү жүрүп, иш-ке жаңы юридикалык баа берилип, кылмыш ишин козгоонун зарылчылыгы барбы же жокпу деген маселе чечилет.

Эске сала кетсек, Сегизбаев УКМКны жетектеп турганда, 2012-жылы “Альфа Телекомдун” улутташтырылбаган 50% акциясын сатууга Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов аракет кылгандыгы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн айтып чыккан. Жакында эле Сегизбаев “Азаттык” менен болгон эксклюзивдүү маегинде “ыкчам булактар” аркылуу алынды делген документтин чын-бышыгы тастыкталбай калганын мойнуна алды. Бир катар эл өкүлдөрү болсо Сегизбаев жалган маалымат бергени үчүн жоопкерчиликке тартылыш керектигин айтышууда. Ал эми мындай мүмкүнчүлүктү издеп таппай турган Салянова: «Абдил Сегизбаев менен Индира Жолдубаеваны өтө оор кылмыш менен айып-тап, жоопко тартууга негиз да, себеп да бар. Алардын үстүнөн кылмыш иши козголушу керек», – деп жер сабады.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: