Menu

Сооронбай Жээнбеков: Мен тааныбаган “туугандар” көбөйдү

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков 20-сентябрда Чүй облусунун Кемин районуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, үй-бүлөлүк башкарууга жол бербей турганын кайталады. Мамлекет башчы президенттин атын сатып, ар кандай иш кылгандарды жазалоону тапшырганын билдирди.

– Атайылап “Жээнбеков Бакиев болуп калды, бир туугандары бийлеп, тейлеп жатат” деп айтып жатышат. Мен эч кимди кийлигиштирбейм, билип калсам ага катуу чара көрөм. Аны баары билет. Бирок менде азыр мен тааныбаган “тууган”, “дос” көбөйдү, ар жерден чыгып жатышат. Ооруканага, ал жак, бул жакка барып, “тууганы болом” деп кызматка тургандар көбөйүптүр. Мен айтпайм дагы, ошентип айтса андай шылуундарды камагыла деп жатам. Мурдагы президенттердин тажрыйбасы мага чоң сабак. Менин бир уул, бир кызым бар. Уулум 4-класста окуйт. Ал Максим Бакиевдей болгончо мен кызматтан кетем. Менин максатын – президенттикти жакшы тапшырып, эл менен аралашып жүрүү.

Жолугушууда президент өлкөнү өнүктүрүү үчүн аймактарды көтөрүү керектигин белгилеп, элдин суроолоруна жооп берди. Ушул эле күнү Чүй облусундагы күн энергетикасы үчүн продукция чыгаруучу ишканага барды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 + = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: