Menu

Бүгүн КР Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева кызматынан кетти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2018-жылдын 21-сентябрында,  Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаеваны аппарат кызматкерлери расмий  узатышты. Бул тууралу КР Жогорку сотунун  басма сөз кызматы билдирди.

“Кыргыз  Республикасынын Жогорку Соту жана  жергиликтүү соттор жөнүндө” Кыргыз  Республикасынын Мыйзамына  ылайык, Төрайымдын үч  жылдык  мөөнөтү  аяктады.  Белгилүү болгондой, Төрайым  2015-жылдын 22-сентябрында  кызматына  киришкен.

Жогорку соттун Аппарат жетекчиси Маратбек Осмонкулов   Айнаш Токбаеванын 3 жыл аралыгында жасаган иштерине токтолуп,  сот тутумунун өнүгүшүнө өз изин калтыргандыгын  белгилеп өттү.

Анын  айтымында, Айнаш Токбаева жетектеген үч жыл аралыгында  электрондук сот өндүрүшү ишке киргизилип, автоматташтырылган маалымат системасы  жөнгө салынды.

Мындан тышкары Төрайым өлкөнүн  бардык  сотторунун  иши менен  жакындан таанышып, судьялар жана аппарат кызматкерлери үчүн бардык шарттар түзүлгөн жаңы имараттар курулуп, ишке киргизилгендигин кошумчалады.

Ал эми Айнаш  Токбаева аппарат кызматкеринин эмгеги жетекчинин  ийгилигинин эң негизги бөлүгү –деп белгилеп, алардын кесипкөйлүгүнүн  артында сот тутумунун  жетишкендиги турарын  кошумчалады. Төрайым  сөзүн  жыйынтыктап жатып,   жашоо өз  огунда  турбагандай эле жумушка болгон  талаптар да   күн сайын  өзгөрүп  турат. Андыктан  ар кандай  жаңычылдыктарды туура кабыл  алып,  иш алып барууга көмөктөшкөнүңүздөргө ыраазымын жана   ар  бириңиздер  мен  үчүн  баалуусуздар-деп айтты.

Жааматтын атынан Мыйзамдар менен иштөө секторунун башчысы Расия  Эралиева Айнаш Токбаеванын жасаган эмгектери сот тутумунун тарыхында калаарын айтып,   өз ишин мыкты билген профессионал адис катары  сот тутумунда ишин уланта берээрин кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 86 = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: