Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мекендештерди Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев мекендештерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан баарыңыздарды 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм.

Тил маселеси – бул коомдук карым-катнашта өзгөчө бир адепти жана жоопкерчиликти талап кылат. Ааламдашуу процесси чакан улуттардын тилине, маданиятына жана каада-салтына өз таасирин тийгизүүдө. Ааламдашуу толкунунан ар бир этнос өз касиетин, тилин сактап калууга умтулууда. Бирок биз дүйнөлүк маданий казынага “Манастай” улуу эпосту берген кыргыз тилин чайпалып-бөксөрбөгөн байыртадан келаткан тил катары өмүр сүрүүгө тийиш деп ойлойбуз.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөдө учурдун талабына шайкеш тил саясатын ишке ашырып жатат.

Бул багытта Өкмөткө караштуу “Кыргызтест” мекемеси түзүлдү. Анын жобосуна ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына талапкерлигин койгон жана аларды ээлеп турган адамдар өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн кыргыз тилин керектүү көлөмдө билүү деңгээли бекитилди. Мындан улам коомчулуктун кыргызча үйрөнүүгө болгон көз карашы өзгөрүлдү. Мамлекеттик мекеме-ишканаларда иш кагаздары кыргыз тилинде жүргүзүлө баштады.

Мындан тышкары Кыргызстанда жашап жаткан этностордун тилдерин сактап калуу жана аларды окуп-үйрөнүү, өнүктүрүү үчүн, ошондой эле мектептик жана мектепке чейинки билим берүүдө балдарыбыздын үч тилде эркин сүйлөөсүнө шарттар түзүлүүдө. Ал эми кесиптик билим берүүдө окутуунун каражаты катары эки тилде: мамлекеттик жана расмий тилде билим берген окутуучулардын катары өстү. Интернет жана заманбап технологиялар айдыңында кыргыз тилинде ресурстар колдоого алынып жатат.

Эң башкысы, кыргыз тилин билүүгө мамлекеттик деңгээлде муктаждык жаратуу, ал аркылуу тилибизди коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө колдонууну кеңейтүү – мамлекеттик максаттарынын бири.

“Жабыла көтөргөн жүк жеңил” дегендей, жапа тырмак аракеттер көрсөк, мамлекеттик тилдин көйгөйлөрү оң жагына чечилерине бекем ишенебиз. Ар бирибиз мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө, сабаттуулукту өстүрүүгө, тилдин тазалыгын сактоого өзүбүздүн кичинекей салымыбызды кошолу.

Учурдан пайдаланып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атыман 1989-жылы улуттук аң-сезим күч алып, тарых, маданият жана тил маселесине айрыкча көңүл бурула баштаган кезде ургаалдан сыртта калбай, өлкөбүздө демократиялык көз карашты кеңири жайылтып, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинен “Мамлекеттик тил тууралуу” Мыйзамдын кабыл алынышына салымын кошкон бардык инсандарыбызга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Мамлекеттик тилдин түбөлүгү түз, келечеги кең болсун!

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 82 = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: