Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн бүгүн, 23-сентябрда Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарына учуп кетти.
Мамлекет башчысы БУУнун башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөп, БУУнун Башкы катчысы Антонио Гуттериш менен жана башка мамлекеттердин башчылары менен жолугушат.
Кыргыз Республикасынын Президенти Визиттин алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Д. Хаммаршельд атындагы китепканасында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган фотокөргөзмөнү ачат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ