Menu

Видео – Ферганада студенттер окутуучуну уруп-согууга айыптоодо

Бөлүшүү:

Фергана университетинин аскердик билим берүү факультетинин студенттери окутуучу Шахоб Тилаволдиев “кызыл камчы” экенин билдиришүүдө.

Аскердик билим берүү факультетинин 2-курсунун студенттери “Азаттыктын” өзбек кызматына отставкадагы полковник Шахоб Тилаволдиев балдарды сөзүп, уруп жатканы тартылган видеону жөнөтүшкөн.

https://www.youtube.com/watch?v=ga-_OFwP1oo&feature=youtu.be

– Тилаволдиев бизди күн сайын сабайт. Ал студенттерге камактагы кишилердей мамиле жасайт. Апаларыбызды сөгөт. Сабакка кечигип келгенибиз үчүн сөгүш жарыялап же эскертүү берсе таарынмак эмеспиз. Бирок эмне үчүн ал дайыма бизди каарып, сабай берет? Такыр аябайт. Таяктан тажап, бул видеону жашыруун тартууга аргасыз болдук, – деди студенттердин бири.

“Видеонун каарманы” студенттерди сөккөнүн мойнуна алып, бирок эч качан кол көтөрбөгөнүн билдирди.

Таяк жеген студенттердин ата-энелери окуу жайдын жетекчилигине даттанышты. Ректор Равшан Максудов мугалимге эскертүү берилгенин айтты. Ал университетте жүрүп жаткан аттестациядан кийин окутуучулардын 80-90 пайызы жаңыланарын кошумчалады.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: