Menu

“Телевизор уурдасаң” министр болосуң

Бөлүшүү:

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин башчылыгына Эмил Осмонбетовду өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абулгазиев жоктон тапкансып алып келүүдө. Абулгазиевдин Жогорку Кеңештеги айткан пикирине караганда, татыктууларга сунуш кылса баш тартып коюшутур. Анан аргасы кеткенде кадр таппай карайлап, артында «шакмары» бар Осмонбетовду алып келгенге мажбур болуптур.

Дегенибиз, 2012-жылы УКМК тарабынан Геология агенттигинин жетекчиси Учкун Ташбаевге жана ошол кезде орун басарлык милдетти аркалап отурган Эмил Осмонбетовго карата кылмыш иши козголгон экен. Кыскасы, ишмердүүлүгү, баскан изи таза эместиги ушундан эле билинип турбайбы. Кийин аталган агенттиктин андан кийинки жетекчиси Ишимбай Чунуев Осмонбетовдун “Мамгеологиядагы №1 коррупционер” экенин айтып, документтерди 2-3 айлап кармап жата бергендигин жана коррупциялык схемалар менен иштээрин ММКларга берген бир маегинде билдирген. Чунуевдин сунушу менен 2013-жылы 7-мартта ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев иштен алган. Иштен алынгандан соң, кабинетиндеги телевизор менен килемди 6-күнү жумуш жок учурдан пайдаланып, үйүнө эч кимге көргөзбөй көтөрүп бараткан жеринен кароолчуга кармалып абийири төгүлгөн. Натыйжада акт түзүлүп, ошол кездеги президентке кат жолдонгон. Акт түзүлгөн учурда Осмонбетов туалетке барып келейин деп, ошондон ары качып кеткен.

Мына ушундай адамды Абулгазиев мамлекеттик бюджетке киреше бере турган комитетке жетекчи кылып дайындап жатат. Кудум карышкырга кой кайтарткан өңдүү. Өкүнүчтүүсү Осмонбетов колу гана «туткак» эмес, кара жанын «жеп» күнөөсүн мойнуна албаган «жандими» дагы окшобойбу? Бул «өнөрүн» парламентте Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековдун суроолоруна жооп берип жатып айгинеледи. Депутат Осмонбетовдун жогоруда кеп кылган мандемдүү жоруктарын айтып жарга такаса, коз ирмебестен анын баары «кара пиар» деп танды. Депутат «Телевизорду көргөзбөй алып баратканывды далилдеп берсем ишиңден кетесицби?» -деп сураса, кетээрин билдирип тузакка түштү. Эми абийирсиз иши факты менен ачьпжа чыкса, убадасына туруп иштен кетеби же дагы каратып туруп танабы, аны убакыт таразалайт.

Айткандай, Осмонбетов Мамгеология агенттигинде орун басарлык кызматты аркалап турганда, жетекчиси Учкун Ташбаев экөө Таластагы «Жамгыр» алтын кенин иштеткен «Вертекс» ОсОО компаниясына 1 тоннасында 30 граммга чейин алтын бар руданы (алтын аралашмасы бар кумду) 1 тоннасында 8 грамм гана алтын бар деген чечим менен Казакстанга чыгарганга уруксат беришкени, өлкө сыртына 60 миң тоннадан ашык руда чыгарылып, бери дегенде мамлекетке 70 миллион доллар зыян келгени айтылган. Бул иши ошол бойдон иликтенбей, «кимди-ким көрдү,

Быржыбайды там басты болуп» көңүл сыртында калды. Жабылуу аяк жабылуу бойдон калды. Мына эми ушул Осмонбетов комитеттин таш-талканын чыгарбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Жадагалса өкмөт башчысы Абулгазиев өзү татыктуулар баш тарткандан улам айла жок алып келдим дегендей башын кашууда.

Мына биздин өлкөнүн кадр саясаты. Буга дейре Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетине барган Бакыт Шаршембиевге дагы 9 кылмыш иши козголгонун Жогорку Кецештин депутаттары айткан. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кылмыш иши козголуп, УКМКнын СИЗОсунда 3 ай жатып чыгыптыр. Айтор Өкмөттүн курамында соо киши жоктой. Маанилүүтармактарды кылмышка шектүү же кылмыш иши козголгондор тейлеп отурат. Мындан улам, премьер-министр Абулгазиев айланасына кандай максатта мандемдүүлөрдү топтоп алып иш кылганга кызыкдар болуп жатат деген мыйзам ченемдүү суроо жаралат?..

Алмаз Темирбек уулу

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: