– Абдывахап мырза, кечээ парламенттеги жыйында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагалыгына көрсөтүлгөн Эмил Осмонбетовго суроолорунузду кабыргасынан койдунуз?.. Анын атаман комитетти башкарып, ишти жөндөп кете алаарына көзүңүз жетеби?
– Чынында мен Эмил Осмонбетовду мурда-кийин билчү эмесмин. Жакшы деле тааныбайм. Ошол себептен ал кишиге суроолорумду берүүгө туура келди. Аны көпчүлүк депутаттар колдоп шайланды. Эми кандай иштээрин убакыт көргөзөт да.
– Бул тармакта буга чейин бир топ жетекчи алмашты. Бирок иш жакшы эместигин, көп учурда тыштан келген инвесторлор менен жергиликтүү эл тил табыша албай келгени белгилүү абалды кантип жөнгө салса болот?
– Абалды жөнгө сала албаган жетекчинин күнөөсү деп эсептейм. Эл менен инвесторду тил табыштыруу жетекчинин иши. Андыктан жетекчи жакшы иштесе эле абал жөнгө салынат.
– Эл арасында азыркы Өкмөттүн ишине канааттанбагандардын саны арбып жатат. Өкмөттүн ишине сиз кандай баа бересиз?
– Өкмөт негизи аракет кылгансып жатат. Бирок кемчюшктери даты көп. Айрым министрликтерде иш жүрбөй жатканын көрүп жатабыз. Мисалы Саламаттыкты сактоо министрлиги. Медицина тармагында акыбал оор экени айтылууда. Жетекчиликтин иши каралышы керек деп эсептейм.
– КСДПнын лидери Иса Өмүркулов лидерликтен кетээри кеп болууда. Айтылган кептин чындыгы барбы?
– Бул тууралуу менде маалымат жок. Маалыматым болсо жашырбай эле айтмакмын.
Мирлан Алымбаев
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ