Menu

Чынара Осмоналиева, врач-гинеколог: Жан жери ачышкан ооруга мода кууп, жарым жылаңач жүргөн кыздар кабылышат

Бөлүшүү:

Жашоодо аялдарга тиешелүү гинекологиялык оорулар ap түркүн жана абдан коркунучтуу. Биз №16 ҮДБнын жогорку даражадагы врач-гинекологу Чынара Осмоналиева айымга 3-4 собол таштап, жообун алдык. Албетте, бул тема абдан кенен болгондуктан эң орчундуусуна гана токтолуп отурабыз.

– Чынара айым, вульво-вагинит илдети кандайча пайда болот, муну көпчүлүк жаштар биле бербейт экен?

– Негизинен өспүрүм рактагы кыздар көбүрөөк ооруйт. Илдет ичеги таякчалары, гельминтоз (острица), экссудативдүү диатез, кант диабети бар жаштарда пайда болот. Андан сырткары, иммунитети начарларда да кездешет. Кайсы бир оору менен ооруп, антибиотик алган учурда вульвовагинит илдети күч алат. Алгач жыныс органынан ириң сымал суюктук бөлүнүп чыга баштайт. Аталган ооруга чалдыгып калган учурда өз алдынча дарыланбастан, сөзсүз түрдө гинекологго кайрылуу зарыл. Дарыгер гана так диагноз коюп, дарылануу ыкмаларын сунуштай алат.

– Көпчүлүк айымдар жатын моюнчасындагы эрозия илдетине кабылганын айтып жүрүшөт…

– Бул оорунун пайда болуусуна стафилококк, стрептококк, ичеги таякчасы, энтерококк, ошондой эле эрте жыныстык катнаш аркылуу жугуучу ар кандай оорулардын козгогучтары шарт түзөт. Төрөттөн кийин же көп жолу аборт кылгандан кийин да пайда болушу ыктымал. Мындан тышкары, жатын моюнчасынын эрозиясынын жаралып өрчүшүнө төрөт учурундагы жана аборт жасатып жатканда пайда болгон жаракат түрткү болушу ыктымал. Бул оорунун алгачкы белгилери адамдын өзүнө билине бербейт. Ошон-дуктан гинекологдун көзөмөлүнөн өтүп, өз убагында дарыланбаса айыкпас дартка айланып кетиши мүмкүн же жатын моюнчасынын рагы деген аты жаман ооруга чалдыктырат. Репродуктивдүү курактагы аялдар, өспүрүм курактагы кыздар жашаган жери боюнча бейтапканага барып анализ тапшырып, гинекологго көрүнүп коюшу керек.

– «Кандиоз болуп калыптырмын. Азыр дарыланып атам. Апама айткан жокмун, билсе урушат» деген жаштардын сөзүн угуп калган жайым бар…

– Кандидоз (молочница) -адамдын организминде боло турчу кандидоз грибогу башка бактерияларга кошулуп көбөйүп кеткеңце молочница оорусу пайда болот. Бул илдет гормоналдык дары-дармектерди көп колдонгондо, иммунитет төмөндөгөндө, кант диабетине тушукканда, стресстин кесепетинен жана жыныстык жол аркылуу жуккан оорулардан кийин пайда болот. Алгач жыныстык мүчөдөн быштак сымал жагымсыз жыты бар суюктук бөлүнөт да, аябай ьщгайсыздык жаратат. Айрым учурларда аял-дардын дене табы көтөрүлөт. Аталган илдеттен убагында арылуу керек. Бул эмнеси менен коркунучтуу? Эгер айым кош бойлуу кезинде аталган илдет менен ооруп дарыланбай жүрө берсе, ал энеден балага кан аркылуу өтөт да, тукум кууган илдетти пайда кылат.

Мына эми күз келип, аба ырайы өзгөрүлүп, күн сууктайт. Кээ бир жаш кыздар жылуу кийинбей, анын себебинен бат-бат дааратканага чуркаган илдетке кабылат. Аны медицинада «цистит» деп коёт эмеспи. Ушу жөнүндө да айта кетпесеңиз болбойт го?

– Туура айтасың, кыргызда «сулуулуктан жылуулук» деп коёт. Анын сыңарындай, эгер «цистит болбойм» десеңиз эң негизгиси бутуңузду жана белиңизди жылуу кармаңыз. Мода кууп, жарым жылаңач жүрүп ооруп калгандан көрө, ар бир аялзаты өз ден соолугуна кам көрүүсү абзел. Цистит жаңы башталганда табар-ык тез-тез толуп, бир күндө Юдон кем эмес жолу заара ушатууга туура келет. Заара тамчылап чыгып, жан жерди ачыштырып оорутат. Кээде заара менен ириң аралаш кан чыгып, дене ысыйт, оору табарсык туштан белге берилет. Цистит күз, кыш, жаз мезгилинде көп кармайт, суукка урунуу, буттун муздашы, жыныс органдарынын сезгенишинен улам өнөкөт дартка чалдыктырат. Өз убагында дарыгерге кайрылуу оорудан тез сакайтат. Аялзаты жылына бир жолу гинекологго көрүнүп, анализ тапшырып турушу зарыл. Муну жашоодогу эч өзгөрүүсүз эреже катары кабьш алып, аны таптак аткарып туруу шарт. Жогорудагы аталган оорулардын кымындай эле белгилери болсо, дарыгер-гинекологдордун кеңеши жок өз алдынча дарыланбастан, жашаган жериндеги бейтапканага барып көрүнсүн. Бүгүн 200-400 сомго жеңил дарылана турган мүмкүнчүлүктү коё берсең, эртең 2000-4000 сомго, ал эми бир жума кечиктирсең 20 миң сомго дарылана турганынды эскертебиз…

Анара Жолбошбаева

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: