Menu

Кыргыз турфирмалары Токио шаарында өткөн Tourism EXPO Japan 2018 эл аралык туристтик ярмаркасына катышышты

Бөлүшүү:

20-23-сентябрында Токио шаарында Tourism EXPO Japan 2018 Эл аралык туристтик ярмаркасы өттү. Бул иш-чара Япониянын туризм бирикмеси (JTTA), Япония туристтик агенттердин бирикмеси (JATA), Япон Улуттук туристтик уюму (JNTO) тарабынан уюштурулган. Бул тууралу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынан туристтик компаниялар”Central Asian Travel System” (CATS), “Ak-Sai travel”, “Эдельвейс” жана ” Travel land” катышты. Туризм компаниялары келген конокторду Кыргыз Республикасынын туристтик дарамети жөнүндө ар кандай маалыматтар менен тааныштырып кетишти, көптөгөн япон компаниялары менен жолугушууларды өткөрдү. Ярмаркага болжол менен 191 577 киши катышты.

Элчилик менен биргелешкен кызмат аракети менен Япониядан келген туристтердин саны жыл сайын көбөйүп жатат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча 2017-жылы Япониядан Кыргызстанга келген туристтердин саны 3700 адамга чейин өскөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: