Menu

Казакстан ондогон өлкө үчүн виза берүү тартибин жеңилдетет

Бөлүшүү:

Казакстандын бийлиги ондогон өлкөнүн жарандары үчүн виза берүүнүн электрондук системасын киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн парламентте өлкөнүн маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедулы билдирди.

Министрдин айтымында, электрондук виза берүү системасын жыл соңуна чейин Астана жана Алматы аэропортторунда ишке киргизүү пландалууда. Ал жаңы система 128 өлкөнүн, анын ичинде Иран, Индия, Кытай жана Перс булуңундагы мамлекеттердин жарандары үчүн виза алууну жеңилдетет.

Маалыматка караганда, учурда 60тан ашык өлкөнүн жарандары Казакстанга туристтик жана башка максаттар менен визасыз кирүү укугуна ээ.

Быйыл апрелде казак бийлиги казакстандык авиакомпаниялар менен транзит аркылуу үчүнчү өлкөлөргө саякаттаган Индия менен Кытайдын жарандарына өлкө аймагында 72 саат визасыз жүрүү укугун берген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: