Menu

ИИМ: Бир катар уурулук фактыларына шектелген уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды

Бөлүшүү:

Октябрь РИИБге арыз менен 40 жаштагы С.Б. аттуу шаардын тургуну кайрылып, 2018-жылдын 6-10-июлдарында үйдүн сырткы эшигин ачышып, арзыдануучунун батирине киришип, акча каражаттарын жана зергер буюмдарын уурдап кетишкен белгисиз жарандарга карата тиешелүү чараларды көрүүлөрүн суранган. Бул тууралу КР ИИМинин басма сөз кызматы билдирет.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренсинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

ИИМдин крминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам каттоосунда турган Жалал-Абад облусунун 1984-жылы туулган И.А. аттуу тургуну кармалган.
Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жаран Бишкек шаарында жайгашкан дагы эки батирден уурдоого тиешеси бардыгы аныктылды.
Азыркы учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы иликтенип жатат. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: