УИАнын Математика институтунун директору, академик Алтай Асылканович Бөрүбаев Эл аралык “Бизнес Триумф” жана Европалык сыйлыктар түнү (Европейской ночи наград) фестивалына чакырылды. Эл аралык фестиваль 5-6-октябрда Франциянын фестивалдардын дүйнөлүк борбору болгон Канны шаарында өтөт.
«Урматтуу Алтай Асылканович мырза, Сиз көп жылдык талыкпаган эмгегиңиз, илимге жана коомго кошкон салымыңыз, жоопкерчиликтүү чечимдерди кесиптик деңгээлде кабыл алгандыгыңыз үчүн дүйнөлүк интеллектуалдык элитанын арасынан орун алдыңыз.
Европадагы ишкердик жана илимий чөйрөдөгү башкы сыйлык – илим жана технология тармагындагы Эл аралык Сократ премиясынын лауреаттыгына (Laureate of “International Socrates Prize”) талапкерлигиңизди көрсөтүүгө макулдугуңузду берүүңүздү суранабыз – дейт чакыруусунда Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү ЕБАнын программасынын бөлүм башчысы Мила Милтон.
Эл аралык Сократ сыйлыгы профессионалдык жетишкендиктериндеги эл аралык жогорку даражасын жана заманбап коомдун интеллектуалдык өнүгүүсүн билдирет. Академик Алтай Асылканович Бөрүбаев Эл аралык “Бизнес Триумф” жана Европалык сыйлыктар түнү (Европейская ночь наград) фестивалында Лидерлердин Глобалдык Клубунун (GCL,UK) жана Оксфорддун академиялык союзунун (Academic Union, Oxford) мүчөлөрүнө, конокторго УИАнын жетишкендиктери жана демилгелери жөнүндө маалымат берет. Фестивалда катышуучуларды сыйлыктар, пресс-конференциялар, презентациялар, интерактивдүү көргөзмөлөр күтөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ