Menu

Видео – Толгонай Стамалиева: Сеулдагы окуяны жаап-жашыруу боюнча элчиликке буйрук берилген эмес

Бөлүшүү:

Президенттик аппарат Сеулдагы окуяны жаап-жашыруу жөнүндө эч кимге буйрук берген эмес. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди:

– ЖМКда кыргызстандык чиновниктин катышуусу менен Сеул шаарында болгон окуя тууралуу маалымат чыккандан кийин тийиштүү органдарда ал ким экени жөнүндө маалымат болгон. Президентке бул боюнча маалымат берилгенден кийин ошол эле күнү ал Тышкы иштер министрлигине бул маалыматтын чын-төгүнүн аныктоо тапшырмасын берген. Эгерде айтылып жаткан сөздөр чын болсо ага карата чара көрүү сунушу премьер-министрге берилген. Ошол эле күнү өкмөт башчы ал чиновникти кызматынан бошоткон жана бүт коомчулук бул тууралуу маалым болгон. Андыктан, Сеулдагы окуяны жашыруу тапшырмасын берүү кажети жок эле. Ал күндөрү президенттик аппараттан эч ким Кыргызстандын Сеулдагы элчиси менен байланышкан эмес.

22-сентябрда эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарынын аэропортунан учакка мас абалында кирип, ызы-чуу чыгарганы кабарланган.

Бул окуядан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аны кызматынан бошотту.

Каденова өзү тууралуу айтылып жаткандын баарын четке кагып, дары ичкенден кийин көңүлү айнып кеткенин билдирүүдө.

Бүгүн Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчиси Кылычбек Султан Бишкекте пресс-конференция уюштуруп, “президенттик аппараттан Каденова тууралуу маалыматты таратпагыла деген көрсөтмө келген. Анын мас болгонун ырастачу далилдер бар” деп айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео: Next TV

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: