Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикаксынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 24-сентябрда АКШнын Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.

Жолугушуу болоор алдында Мамлекет башчысы БУУнун атайын китебине Уюмга жакшы каалоорун жазып калтырды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Сооронбай Жээнбековду жылуу тосуп алып, Кыргызстанга ар кандай мезгилде барганын, өлкө кыйын мезгилди баштан кечирип жаткан учурдун күбөсү болгонун, эми болсо өлкөдө демократия гүлдөп жаткандыгын белгиледи.

«Кыргызстан — региондо зор роль ойногон кереметтүү өлкө, анда жакшы адамдар жашайт. Кыргызстан — демократия гүлдөп өнүккөн өлкө, мына ушул нерсе жүрөгүңдү жылытат», -деп баса белгиледи Антониу Гутерриш.

Президент Сооронбай Жээнбеков 82 мамлекет башчыларынын жана 45 өкмөт башчыларынын катышуусу менен БУУнун Башкы Ассамблеясы өтүп жаткан күндөрү, иш графиги абдан жыш болгонуна карабастан жолугушууга убакыт тапкандыгы үчүн Антониу Гутерришке ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы Антониу Гутерриштин Кыргызстанга визитинин алкагында 2017-жылдын июнунда Ош шаарында аңгемелешүүсүн эске салып, бул байланыштар Кыргызстан менен БУУнун кызматташуусунун жогорку деңгээлинин көрсөткүчү болуп саналаарын белгиледи.

«Биз бул мамилени баалайбыз. 2017-жылы биз Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болгонубуздун 25 жылдыгын белгиледик. Бул динамика улам күчөй берет деп ишенем. Биздин эл аралык өнөктөштөр жана жеке Сиз өзүңүз биз үчүн оор мезгил болгон 2010-жылы Кыргызстанга жардам бердиңиз. Ошондой эле 2017-жылы шайлоо системасын өркүндөтүүдө баа жеткис көмөк көрсөттүңүз. БУУнун Кыргызстанда колдоп жаткан баардык долбоорлору ийгиликтүү өнүгүп жатканы — биздин өлкөгө карата сиздин өзгөчө мамилеңизди дагы бир ирет далилдеп турат», -деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын багыт боюнча БУУнун (ЮНДАФ) мекемелери тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин региондорду өнүктүрүү боюнча Жарлыгына үндөшкөн 2018-2022-жылдары Кыргыз Республикасына көмөк көрсөтүүнүн алкактык негиздеринин алкагындагы актуалдуу долбоорлорду баса белгиледи.

Уран калдыктары сакталган жерлерди рекультивациялоо боюнча аракеттердин жаңы этабына чыгуу үчүн БУУнун Башкы ассамблеясынын «Борбордук Азияда радиациялык коркунучту болтурбоодо эл аралык коомчулуктун ролу» Резолюциясын жаңылоо боюнча Кыргызстандын демилгеси тууралуу эске салды.

Сөзүнүн акырында Президент Сооронбай Жээнбеков БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерришке жолугушкандыгы жана жылуу аңгемелешүүсү үчүн ыраазычылык билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: