Menu

Кулбараков президентке учак сатып бергиси келет…

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Автандил Кулбараков өткөн жумада парламентте президент Сооронбай Жээнбековго жаңы учак алып бериш керектигин айтып чыкты. Ал өз сөзүндө президентти ташыган самолётко 25 жыл болуп, эскиргенин жүйө келтирип: «Президент жалпы каттамдарда эл менен учуп жатат. Президент 25 жыл мурун чыккан учакта учууга мажбур. Коопсуздук маселеси кайдигерликти кечирбейт», – деп айтып, бул көйгөйдү тезирээк карап чечиш керек деген маселени кабыргасынан койду. Ушул ой чындап жанына тынчтык бербегенден улам кошомат кылып өзү айттыбы же кимдир бирөөлөр Кулбараковдун оозу менен элдин маанайын байкагысы келдиби, азырынча табышмак. Кандай болгон күндө дагы Автандил мырза чындап тынчсызданып жатса, ансыз да каңгырап тешиги аңырайып турган бюджетке сук артып жакшы көрүнбөй, өзү баш болуп, өзүнө окшогон кошоматчыларды топтоп, ортого акча чогултуп бир учак сатып берсе жарашмак.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: