Menu

Искендер Кадыркулов, “Түндүкэлектр” ААКнын башкы директору: Келе жаткан күз-кыш мезгилине даярдык көрүү кызуу жүрүүдө

Бөлүшүү:

«Түндүкэлектр» ААК КРдагы алдыңкы энергия камсыздоочу уюм жана өзун-өзү актоо принцибинде Кыргызстанда ички рынок үчүн иштелип чыккан электр энергиянын 50%дан ашыгын бөлүштүрүү жана сатууну ишке ашырып, Чүй, Талас облустарынын, Бишкек шаарынын чегинде жайгашкан чыңалуусу 35-10-6-0,4 кВ бөлүштүрүүчү электр тармактарын оперативдүү тейлөөнү жүргүзөт.

Акционердик коомдун карамагына 6/10 кВ чыңалуусундагы 9 миң 106 трансформатордук көмөкчордондор, 35 кВ чыңалуусундагы 126 жогорку вольттогу көмөкчордондор, 2,1 миң чакырым кабель чубалгылары, 20 миң чакырымга жакын аба электр чубалгылары карайт.

Аба, кабелдик, жогорку жана төмөнкү вольтуу электр тармактарын, энергетика жабдууларын тейлөөнү, ошондой эле электр энергияны сатып алуу, бөлүштүрүү, сатуу ишмердигин 20 аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү жүргүзөт. “Түндүкэлектр” ААКнын курамында 17 райондук электр тармак (РЭТ) бар. Акционердик коом 570 миң жеке жана юридикалык жактарды тейлейт.

– Энергетиктердин айтымында, кышкы жүктөмдүн жогорку чегин ийгиликтүү өтүү электр тармактардагы жабдуулардын ишенимдүү иштеши менен аныкталат. Буга байланыштуу «Түндүкэлектр» ААКнын тармактарынын күз-кыш мезгилине курулган даярдыгы тууралуу сурагым келип жатат.

– Албетте, керектөөнүн мезгилдеп өсүшү электр камсыздоонун ишенимдүүлүгүнө жана тейлөө сапатына таасирин тийгизет. Жылына «Түндүкэлектр» ААК боюнча электр энергияны керектөө орточо эсеп менен 3-5% өсүүдө. «Түндүкэлектр» ААК боюнча электр энергияны керектөөнүн туу чокусу 2018-жылдын 29-январына туш келет, анда керектөөчүлөр сутка ичинде 37 млн. кВт. саат электр энергиясын колдонушкан. Жылдан-жылга калктын электр энергияны керектөөсү өсүүдө. Бүгүнкү күндө ал жалпы электр энергиянын керектелишинин 62,7%ын түзүүдө.

«Түндүкэлектр» ААКда энергообъекттерди кыш мезгилине даярдоо боюнча иштер соңуна чыгып калды. Суук маалында керектөөчүлөрдү ишенимдүү электр энергия менен камсыздаш үчүн энергетиктер учурда жогорку вольттогу көмөкчордондордун күч трансформаторлорунун кубаттуулугун жогорулатуу жолу менен жүктөмдөрүн бөлүштүрүүдө. Ал үчүн Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кыш мезгилинде ашыкча жүктөм менен иштеп келген жогорку вольттогу “Сель-электро-2” көмөкчордонунун күч трансформатору кубаттуулугу жогорураагына алмаштырылган. Көрүлгөн чаралар Аламүдүн айылынын, Гидростроитель шаарчасынын, борбор калаадагы «Энесай» конушунун керектөөчүлөрүнүн электр камсыздоосун жакшыртат.

Мындан сырткары, жакында Бишкек шаарындагы «Тунгуч», Чүй облусунун Аламүдүн районундагы “Стрельниковой”, Ысык-Ата районундагы “Люкс” жогорку вольттогу көмөкчордондордун аз кубаттуулуктагы күч трансформаторлору кубаттуулугу жогорураагына алмаштырылды. Көрүлгөн чаралар Бишкек шаарындагы “Тунгуч” кичирайонунун, «Рухий Мурас» конушунун; Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы «Кырман» жана 44ГА конуштарынын, Горная Маевка, Кызыл Бирлик, Прохладное, Татыр, Чуңкурчак айылдарынын; Ысык-Ата районундагы Кант шаарынын жана Люксембург айылынын ишенимдүү электр камсыздоосуна алып келет.

Трансформаторду монтаждоо жана чогултуу иштерин «Түндүкэлектр» ААК кызматкерлери башка мекемелерди ортого салбастан өздөрү жүргүзүүдө. Эске салсак, мурда ишке кайра киргизилген жогорку вольттогу көмөкчордондун жабдууларын монтаждоо жана орнотуу иштерин атайын адистештирилген: “Кыргызэлектро-сетьстрой” мекемеси, «Кыргызэнергоремонт», «Союзавтоматика» өндүрүштүк-оңдоо мекемелери жасап келген.

Айта кетчү нерсе, акыркы эки жылдын ичинде Бишкек шаарындагы жана Чүй, Талас облустарындагы 35/10 кВ жогорку вольттогу көмөкчордондорунун кубаттуулуктары күч трансформаторлорду алмаштыруунун негизинде 73,5 мегавольт амперге  жогорулаган. Жогорку вольттогу көмөкчордондорунун күч трансформаторлорун алмаштыруудан сырткары, биз Бишкек шаарына, Чүй жана Талас облустарына 33 кошумча  трансформатордук көмөкчордондорду орноттук (Чүй облусуна-22, Талас облусуна-10 жана Бишкек шаарына); 34 чакырымдан ашуун кабель III чубалгыларын алмаштырдык, 55 чакырымдан ашуун аба  электр чубалгыларын реконструкцияладык, өзүн-өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдарды колдонуу менен 77 чакырымдан ашуун 0,4 кВ аба чубалгыларын курдук. Бул максаттарга каралган капиталдык салымдын көлөмү 253,14 млн.сомду түзөт.

Айтмакчы, компания 2012-2017-ж.ж. аралыгында Бишкек шдарында, Чүй жана Талас облустарында өзүн-өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдарды колдонуу менен 0,4 кВ аба электр чубалгыларынын 962 чакырымын реконструкциялады, анын натыйжасында авариялык өчүрүүлөр кескин азайды. Бүгүн былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу авариялардын саны 21%га төмөндөгөн. Көп учурда авариялык өчүрүүлөргө табигый кубулуштар себеп болот. Бирок маселе анда дагы эмес. Тармактар учурдагы жүктөмгө туруштук бере албагандыктан, жаңыланууга жана реконструкцияга муктаж. Жаңы чубалгыларды жана көмөкчордондорду курууга каржы салынбаса, ошондой эле иштеп жаткандарды реконструкциялоодо жаңы технологиялар колдонулбаса, электр камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулата албайбыз.

Кыш мезгилинде учурап калуучу авариялык жагдайлардын алдын алыш үчүн, кызматтар энергияны үнөмдөөчү технологияларга өзгөчө көңүл бурушат: аз да болсо энергиянын жоготууларын төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берген изоляцияланган материалдарды колдонуу жана жөнгө салуучу приборлорду орнотуу.

Бирок электр энергия менен камсыздоонун ишенимдүүлүгү жабдуунун үзгүлтүксүз иштөөсүнөн гана көз каранды эмес. Аба чубалгы трассаларынын абалы дагы көп мааниге ээ, себеби көп учурда чубалгыга кулаган бак-дарактын бутактары өчүрүүлөргө себеп болот. Ондоо иш-чараларынын жүрүшүндө өндүрүш кызматтары 1151 чакырым аба электр чубалгы трассаларын бутактардан тазалашты.

Кыш мезгилине даярдык көрүү иштеринин жүрүшүндө биз 82 млн. сомдон ашуун каржыга жабдууларды оңдодук: 929 комплекттик трансформатордук көмөкчордондор, 34 жогорку вольттогу көмөкчордондор, 1582 чакырымдан ашуун аба электр берүүчү чубалгылары ондолду.

– Сиз жабдууларды, электр тармактарды реконструкциялоо маселесин көтөрдүңүз. Учурда компания кайсы инвестдолбоорлордүн үстүндө иштөөдө?

– «Түндүкэлектр» ААК электр энергия менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана эсеп берүүнү жакшыртуу боюнча инвестициялык Долбоорду ишке ашырууда, Аталган долбоор «Түндүкэлектр» ААК ишке ашырып жаткан KfW Германия өнүгүү банкынын каржылоосундагы “Электр бөлүштүрүү тармактардын эфективдүүлүгүн жогорулатуу” жана “Бишкек шаарынын жеке тармактарын чыңдоо” инвестдолбоорлордун табигый уландысы болуп саналат.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: