Menu

Криминалдык милиция кызматы: Бишкекте, Чүйдө өзүн милиционермин деп тааныштырып, ири суммадагы акчаларга алдамчылык кылып жүргөн Таластын тургуну кармалды

Бөлүшүү:

Жакында маалымдагандай, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлерине Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында бир жаран милиция кызматкери катары өзүн тааныштырып, элдин ишенимине кирүү менен алдамчылык менен алектенип жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн. Бул тууралу КР ИИМинин басма сөз кызматы билдирет.

Милицияга 29 жаштагы жаран кайрылып, “Жаныбек” аттуу жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранып, бир ишти чечип берем деп, алдоо жолу менен ири суммадагы акча каражатын алган соң, изин жашырып качып кеткендигин билдирген.
Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда алдамчылыкка байланышкан кылмыш ишин жасоого шектелип 1989-жылы туулган Кенжекараев Жаныбек кармалган. Аныкталгандай, милициянын атын жамынып, алдамчылык менен алектенген жаран укук коргоо органдарына эч кандай тиешеси жок болуп чыккан. Ал Талас облусунун тургуну жана Бишкек шаарында жашап келген.
Мыйзамсыз иш-аракеттер боюнча топтолгон материалдардын негизинде Бишкек ШИИББи тарабынан ушул жылдын август айында Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүмү (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Кийинки ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда шектүүнүн башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы аныкталган. Алдамчылык иш-аракеттери боюнча 4 кылмыш иши козголду.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгы жарандарга кайрылып, шектүүнүн колунан жабыркагандар болсо же алар боюнча маалымат билсеңер төмөнкү номурларга кайрылууңарды суранат: 266321, 0555365001, 0701758575.
Иликтөө иштери уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: