Menu

Атамбаев: КСДПнын аркасы менен кызмат жана депутаттык мандат алгандар бизге кол салып, КСДПны бөлгөнгө, жаманат кылганга аракеттенип жатышат

Бөлүшүү:

 Урматтуу мекендештер! Кымбаттуу партиялаштар!

25 жыл мурда, 1993-жылдын 25-сентябрында Бишкекте биздин партиянын биринчи курултайы болуп өткөн. Так бүгүн Кыргызстан социал-демократиялык партиясы 25 жашка толуп отурат! Баарыныздарды бул маанилүү окуя менен куттуктайм жана чын ден-соолук, узун өмүр, бак-таалай каалайм!

КСДПнын тагдыры Кыргыз Республикасынын тарыхы менен тыгыз байланыштуу. Биз элдин кызыкчылыгын коргоо менен адамдардын жыргалчылыгы үчүн иштегенбиз, эркиндик жана адилеттүүлүк үчүн күрөшкөнбүз. Бул үчүн үй-бүлөлүк – кландык режимдер башкарган жылдары биздин партиялаштарыбыз ырайымсыз куугунтукка алынган, жумуштарынан айдалып, кордук көргөн. Далайы сабалып, бир топ партиялаштарыбыз курман болгон. Бирок зөөкүрлөр бизди коркутуп, сындыра алган жок! Буга 2005 жана 2010-жылдарда болгон эки элдик революция далил.

Акыркы сегиз жыл ичинде КСДП биздин коомдогу алдыңкы ролду ойноп келди. Бизде дагы эле көйгөйлөр арбын, бирок сыймыктана турган иштерибиз андан да көп! Кыргызстандын элинин эмгекчилдигинин жана сабырдуулугунун аркасы менен, Кыргызстан мамлекет катары калыптанды жана кедей өлкө деп эсептелбей калды. Энергетикалык көз карандысыздык камсыздалды. Бүгүн биз транспорттук көз карандысыздыкка да жетишүү алдында турабыз, автомобиль жолдорунун болуп көрбөгөндөй санын кайрадан жаңылап курдук жана реконструкциялап чыктык. Кыргызстанда эң зарыл нерселер менен камсыздалган, согушка жөндөмдүү армия пайда болду. Кыргызстан өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын эл аралык аренада коргоого үйрөндү. Бүгүн Кыргызстанды эч ким мамлекет болбой калды деп айта албайт.

Тарых КСДПнын алдына далай ирет эң кыйын тандоолорду койгон. Биз дайыма туура чечимдерди таап келгенбиз. Бирок, ага карабай, тазалануунун жана жаңылануунун учурдагы этабы өзгөчө оор болуп жатат. Анткени бүгүнкү күндө биздин партиянын аркасы менен кызмат жана депутаттык мандат алгандар, партия тарабынан бийик мамлекеттик кызматтарга көрсөтүлгөндөр биздин партиябызга кол салып, КСДПны бөлгөнгө, жаманат кылганга бүт аракеттерин жумшап жатат!

Ошондуктан биз бүгүн партиянын ишин тереӊ талдап, жетишкендиктерди ойдон сыдырып, кетирген катачылыктардан жыйынтык чыгарышыбыз керек. Тескерисинче, ушул оор шарттарды пайдаланып биз “уйгактардан”, мансапкорлордон, саткындардан тазаланып алышыбыз керек!

Партиянын келечеги карапайым таза адамдарда, жаӊы муунда, жаштарда!

Партиянын күчү – элибиздин ишениминде, чындыкта, акыйкаттыкта!

КСДП  25  жашта! Партиянын даңктуу тарыхы уланууда!  Алдыда биз жасай турган иштер арбын! Кыргыз көчү жолун улантат!

Жашасын эгемендүү Кыргызстан!

Жараткан элибизге биримдик, жерибизге берекет берсин!

КСДПнын Төрагасы Алмазбек  Атамбаев

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − 19 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: