Menu

Өрнөктүү өмүр өтөгөн Артисбек Жумабеков

Бөлүшүү:

Мухаммед пайгамбар айтат: “Өзүң да, малың да түпкүлүгү атаңдыкы, – деп. Ислам дининде атанын баркы өтө жогору коюлат, атага акаарат келтирүү Аллага акаарат келтирүү сыңары каралат. Дүйнөдө эң биринчи карыз бере тургандарыбыз – ата-энелерибиз, карыз төлөй тургандар – алардын перзенттери деп да айтылат. Аталар жөнүндө айтканыбызда Талас облусунун, Кара-Буура районунун кулуну Артисбек Жумабеков учурунда айылдын калкы кадырлаган, урматтап-сыйлаган эмгекчил, оор басырыктуу, токтоо,чынчыл, иш дегенде ичкен ашын жерге койгон адам болгон. Өмүрлүк жубайы Гүлайда экөө 11 балалуу болушуп аларга татыктуу тарбия берип, эмгекке, билимге сугарып, эл жүгүн аркалай турган уул-кыздарды өстүрүп, уядан учурушкан.

Адамдар үч эле түрдүү болот. Биринчиси – Кудайды таап, ага ак кызмат кылат. Экинчиси -Кудайды таба албай, аны издөө менен алек. Үчүнчүсү – Кудайды тапмак түгүл, издёп да убара болбойт деп француз ойчулу Паскаль кезегинде таамай айткандай, Артисбек Жумабеков жаштайынан эле биринчисинин ээси болуптур. Барга топук кылган, алабарманданып жулунбаган, адамга жакшылык жасап аны колко кылбай, болгону так сүйлөп, асыл ойлоп Сатыкей айылы үчүн адилет ак кызмат өтөп келген экен. 1980-жылдарда Киров (азыркы Кара-Буура) районун “Россия” колхозунда тамекичилик звеносун башкарып, көп жылдар бою тамекинин түшүмдүүлүгү, сорттуулугу боюнча республика боюнча биринчи орунду колдон чыгарбай келген. Мандай тер менен жаралган эмгектик ийгиликтердин жаралышына темирдей тартип, таразадай тактыкты талап кылган, негизсиз, жүйөсүз сөздү айтпаган Артисбек Жумабековдун ар бир дайындуу сөзү чогуу иштегендерге эмес, жалпы Сатыкейлер үчүн мыйзам болчу. Ак ниет эмгеги, адамгерчилик сапаты менен эл ишениме ээ болуп айыл башчысына шайланып, өмүрү өткүчө карапайым калкына канатын кагып кызматын таза аткарып турган.

Көз ирмемге тете болгон убакыттын ичинде арнамыстуу Артисбек ага ошол кезде айылынын жолдору оңдолбой, телевизор көрсөтпөй, телефон байланышы начарлап калса мектеп, почта, фельдшердик пункт, клубдарга ар кандай көйгөйлөр жаралса дароо облустук, республикалык жетекчилерге чейин кайрылып, анын аткарылышын талап кылып, көзөмөлдөп тураар эле дешет айылдаштары. 1930-жылдары Сатыкейде курул-ган 2 бөлмөлүү мектепти күн тынымын билбей жогорку жакка кайра-кайра маселени кабыргасынан коюп жүрүп, 8 класстык бөлмөлүү мектеп курдурууга жетишкен. Кийин “Артисбек жасаган мектеп”, айылдан чыккан Суулуу-Маймакка чейин, андан аркы тамтыгы чыккан жолдорду. көпүрөлөрдү айыл башчы баштаган адамдар өз күчтөрү менен оңдошуп, Артисбектин Күркү-рөөдөн бери 7 чакырым суу тарттырып келгени, район жетекчисин кабинетинен чыкпай жүрүп

Сатыкей-Кировка маршрутун ачтырганы, эки ай бою долбоор түзүп АРИС аркылуу айылга таза суу киргизгени, ретранслятор, жергиликтүү телефон байланыштарын койдурганы, Сатыкейге чек ара заставасын орноткону, дагы далай айыл эли үчүн түйшүктүү иштерин күнү бүгүнкүгө чейин Артисбек аганын ат көтөргүс эмгегин эстешип, “Артисбектин чыгарган суу түтүгү’ “Артисбектин телемунарасы’ “Артисбектин заставасы”, каздырган каналы, көлү, салдыргак көпүрөсү, мектеби, мечити дешип дамамат эстешип, ага болгон ыраазычылыктарын, алкыштарын айтып келишет.

Артисбек аганын жан дүйнөсүнүн тынчын алып, түйшүккө салып келген ыйык максаты – айыл башчы катары айыл элинин бакубат жашоосу, айылынын гүлдөп-өсүшү үчүн кыска өмүрүндө зор иштерди жасап, өрнөктүү өмүрдү өтөп өттү. Арийне бир гана арман жаш кеткени болбосо, эли үчүн не деген опол тоодой эмгек жаратып турат эле, ашуудан кийин ашууларды ашат эле.

Канчалык түйшүк тартып эмгектенсең анын акыбети кайтпай койбойт эмеспи, талыкпаган эмгеги жогору бааланып, эмгегине жараша урмат көрдү. Даанышман адам “Даңк” медалы жана көптөгөн Ардак грамоталардын ээси болду, эң башкысы элинин сый-урматына бөлөнүп, түбөлүк сыймыгы болгону менен эсте калды. Элге түркүк уул болгон Артисбек ага Сатыкей айылывда 1942-жылдын 8-мартында төрөлгөн күнүндө атагы таш жарган ак таңдай акындар Осмонкул Бөлөбалаев, Алымкул Үсөнбаевдар келип өз өнөрлөрүн өргө чаап, ошол күнү Артисбек деп ат коюп кетишкен.

Атадан артык уул, атага тең ата уул, атадан кем уул дегендей, уулдары атанын атын чыгарган, барктап сыйлаган, төбөсү журтка көрүнгөн, иште да, жашоодо да адептүүлүктүн жогорку үлүшүн көрсөткөн уулдардан болушту. Ата-эненин мыкты тарбиясын алган, адамдык асыл сапаттардын тазалыгын алып жүргөн уулдары жөнүндө да азыноолок токтоло кетели.

Даңкы далайга, атагы алыска кеткен, жүз миңдеген ооруларды дарылап айыктырып бутуна тургузуп, КРнын башкы ортопед-травматологу, КРнын Илимине эмгек сиңирген дарыгери, илим жана техника жагындагы КРнын Мамлекеттик сыйлыгынын БУУга караштуу интеллектуалдык менчигинин Чоң Алтын медалынын, медициналык илимге киргизген салымы үчүн “Жибек жолу” медалынын “Илим жана жаңы технологиялар” номинациясында Кыргыз Республикасынын, КМШ мамлекеттеринин илим жана билим тармагындагы “Шериктештик жылдыздары” эл аралык сыйлыгынын лауреаты, “Достук” орденинин ээси, медицина илимдеринин доктору, адамгерчиликтин асыл сапаттарын аздектеп, инсандык улуулукту ыйык туткандыгы менен айырмаланган, дүйнө жүзүнө таанылган белгилүү академик Сабырбек Артисбекович Жумабеков, жакшы уулблине баш болот дегендей калың элдин кыйырына таанылган, өлкө мүдөөсүнө камкор мамиле кылган, саясий маселелерди таамай так чече билген, кара кылды как жарган калыстыгы менен айырмаланган КРнын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Артисбекович Жумабеков, ички иштер бөлүмдөрүндө чечкиндүүлүгү, принципиалдуулугу менен талбай эмгектенип келеаткан эки жогорку билимдүү Эстебек Жумабеков Темир жол транспорт-тук жол милициясында жооптуу кызматтарда жогорку деңгээлде иш алып барып, кийин Кара-Кулжа, Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмдөрүн жетектеп, оор кылмыштарды ооздуктап, убагында ачылбай жүргөн далай кылмыштардын бет пардасын сыйрып, кылмышкерлер тийиштүү жазаларын алып турушкан. Учурда Эстебек Артисбекович Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги, милициянын полковниги. Ал жетектеген бөлүм кылмыштуулукту алдын алуу, кыскартуу, ыкчам иретинде оор кылмыштарды ачууда облус боюнча алдыңкы орунду бербей келүүдө.

Уулдары Канатбек бизнесте, Урматбек, Алмазбек Ички иштер министрлигинин белдүү кызматкерлери, Замирбек он жылдан бери Бакай-Ата прокуратурасынын прокурору, кыздары, күйөө балдары илим-билимдүү, мамлекеттик жооптуу кызматтарда үзүрлүү эмгектенип келишүүдө.

Асан Акматов

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 64 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: