Menu

Кыргызстанда «Твиттердин» экстремисттик делген аккаунттарына бөгөт коюуга соттун чечими чыкты

Бөлүшүү:

Бишкектин Октябрь райондук соту “Твиттер” социалдык баракчасынын 19 аккаунтун колдонууга бөгөт коюу боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин лицензиялык көзөмөл мекемесинин башчысы Нурлан Акунов билдирди.

Анын айтымында, соттун чечими 17-августта чыккан. Акунов ошондой эле бул аккаунттар “Ислам мамлекети”, “Ал-Каида” жана “Жавхат-ан Нусра” сыяктуу террористтик уюмдарга тиешелүү экенин белгиледи.

Соттун чечимин аткаруу жөнүндө катты ал өлкөдөгү байланыш операторлоруна жиберген. Бирок алар жеке аккаунттарды блоктоого техникалык мүмкүнчүк жоктугун айтып, жооп кайтарышкан.

– Биз УКМК, ИИМ, Башкы прокуратуранын өкүлдөрү менен жолугуп, кырдаалдан чыгуунун жолдорун талкуулаганбыз. “Фейсбукта”, “Твиттерде” жана “Инстаграмда” укук коргоо органдары үчүн атайын колдонмо бар экен. Ал боюнча да сүйлөштүк. Эми ИИМ жана УКМК “Твиттердин” администрациясына кайрылышы мүмкүн. Соттун чечиминде аткаруучу катары Байланыш комитети көрсөтүлгөн. Бирок социалдык тармактардын администрациясына күч органдары гана кайрыла алат,- деди Акунов.

24-сентябрда “Твиттерде” Кыргызстандагы интернет жана байланыш операторлорунун биринин өкүлү Байланыш комитетин катына жөнөткөн жообун жарыялаган.

Представляете, Октябрьский суд и Госкомитет связи вознамерились заблокировать наш любимый Твиттер! Офигели!!!На что мы написали им отказ ? Запрут меня скоро, ёлки pic.twitter.com/Y2HERdohDN

— Nurdin (@_nur16) 24 сентября 2018 г.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 20 = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: