Menu

Булак: Тажикстанда велотуристтерге кол салуу боюнча тергөө аяктады

Бөлүшүү:

Хусейн Абдусамадов.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы Дангара районунда чет өлкөлүк туристтерге кол салууга катышкандардын бири Хусейн Абдусамадовго козголгон кылмыш иши боюнча тергөөнү аяктады.

Мекемедеги өз булактын кабарлашынча, Абдусамадовго каршы «Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү» жана «Терроризм» беренелери менен кылмыш иши козголгон. Бул кылмыштар үчүн өлкөдө 10 жылдан өмүрү өткөнгө чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

«Жакынкы күндөрү иш сотко жөнөтүлөт. Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү тарабынан терактка тиешеси бар же ал тууралуу алдын ала билген деп дагы тогуз киши шектелип жатат», — деди булак. Бирок ал кылмыш ишинин фигуранттарынын аты-жөнүн айткан жок.

Өткөн жумада Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон велотуристтерге кол салууга байланыштуу 17 киши кармалганын билдирген.

Хусейн Абдусамадов – кол салган беш адамдын ичинен жалгыз тирүү калып, колго түшкөн. Тажик атайын кызматы тарабынан даярдалып, эфирден 4-сентябрда көрсөтүлгөн берүүдө Абдусамадов кылмышты өлкөдө тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу партиясынын» активдүү мүчөсү Кори Носирдин (Носирхужи Убайдов) тапшырмасы менен кылганын мойнуна алган.

Учурда Фархор районунун 45 жаштагы тургуну Носирхужи Убайдов Интерполдун издөөсүндө. Тажик бийлиги аны чет өлкөлүк туристтерге кол салуунун башкы уюштуруучусу деп эсептөөдө.

​ 29-июлда Дангара районунда кылмышкерлер велосипедчен чет өлкөлүк туристтердин тобун автоунаа менен сүздүрүшкөн. Анда Голландия менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болгон, дагы үч чет өлкөлүк жараат алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: