Menu

Мамлекетти анархиядан сактагыла? – Жазуучу Чолпонбек Абыкеевдин КР Жогорку Кеңешинин депутаттарына кайрылуусу

Бөлүшүү:

Менин билишимче “Мамлекеттик кызматкердин этикасы”- деген жобо бар. Балким өзгөргөндүр, же жокко чыгарылгандыр аныгын билбейм. Анткени мамлекеттик кызматтан кеткениме о-о канча жыл болду. Аталган жобо (Эгер жокко чыгарылбай бар болсо) бир кездерде мыйзамды сыйлаган жана терең түшүнгөн, мамлекеттик кызматты барктаган адам тарабынан жазылса керек. Төрт тарабы төп келбесе да мыкты жазылган жобо болчу.

Ошондой жобо бар экенин, мен мамлекеттик кызматтарда иштеп жүргөн жылдарда деле көпчүлүк мамлекеттик кызматкерлер билишчү эмес. Анткени мамлекттик кызматка алып атканда аталган жобону окууну талап кылып, аны окуган же окубаганын, түшүнгөн же түшүнбөгөнүн билиш үчүн кимир бирө сурак жүргүзгөндү тим кой жөн эле пикирлешчү эмес. Азыр деле ошондой болсо керек. Аталган жобону өздөрү кызыккандар гана окуп алышчу.

   Урматту Жогорку Кеңештин депутаттары!

Ошол  “Мамлекеттик кызматкердин этикасы”- деген жобону кайра көтөрүп   мыктылап иштеп, кем карчы болсо мезгил талабына ылайыктап кайра жазып, анан “Мамлекеттик  кызмат жөнүндө” – деген мыйзамга төмөндөгүдөй маанидеги толуктоолорду киргизишиңерди суранам?

Биринчи; “Ар бир мамлекеттик кызматта иштеген кызматкер,“Мамлекеттик кызматкердин этикасы” – деген жобону жакшы  билүүгө жана аны бузбай аткарууга милдеттүү”- деген, Экинчи; “Мамлекеттик кызматка иштөгө киришерде ар бир мамлекеттик кызматкер “Мамлекеттик кызмат жөнүндө”- деген мыйзамды, жана “Мамлекеттик кызматкердин этикасы” –деген жобону окуп чыкканы жана түшүнүгү боюнча кызматка алган тараптын жетекчиси менен атайын пикирлешүүдөн өтүүгө милдеттүү”- деген толуктоо киргисеңиздер? (Менин ,бул  сунушум мыйзамга кошулуучу негизги маанисин көздөгөнүн түшүнүңүздөр. Муну так укуктук- мыйзам тилине салууга сиздердин мүмкүнчүлүгүздөр жетиштүү)

Себеби эмнеде? “Демократия менен анархиянын аралыгы каш менен кабактын ортосундай”- деген сөз бар. Акыркы мезгилде “демократия”- деген түшүнүк менен “анархияны” чаташтырып алган “Анархистер” мамлекеттик кызматта иштегендердин арасында көбөйүп баратат.

Мамлекеттик кызмат, бул түшүнгөн кишиге өтө чоң коллектив, өтө чоң тармак, өзүнчө жандуу организим. Анын ичинде ар кандай адамдардын иштеши жана ар түрдүү кыял-жоруктардын, окуялардын болуп турушу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Таптакыр жыпжылма, мыйзамдын бир тамгасы да бузулбаган мамлекеттик кызматтын коллективи дүйнөнүн бир да өлкөсүндө болбосо керек. Болушу да мүмкүн эмес. Анткени адам деген адам. Робот эмес. Ар кандай иштерге ар түрдүү себептер менен барышат же кабылышат. Кайсыл бир мамлекеттик кызматкердин ошол чоң коллективте болгон майда – чүйдө жоруктарынан бери  коомчулукка жарыялап, “Мен ушундай демократмын, чындыкты жашыра албаган адаммын”- деген сыяктуу мактаныч кылуу бул мамлекеттик кызматкердин демократтыгы эмес. Тескерисинче анын анархистиги.

Маселен бир үйбүлөнү алалы. Кайсыл бир күнү үйбүлөнүн мүчөсүнү бири, маселен атасы кызып келди да кечинде жатканда кусту, анысы аз келгенсип уктагандан кийин “тарсылдатып” үйдүн жытын бузуп жосунсуз жорук жасады. Эртеси анын бир баласы “Мен демократмын”- деди да көчөгө чыгып бүт элге атасынын кылыгын жарыялап чыкты. Мындан ал үйбүлө эмне пайда тапты? Менимче эч пайда тыбышкан жок. Тескерисинче  ошону жарыялаган баласы баш болуп шылдың, шерменде болушту. Анысы аз келгенсип ошол үйбүлөдөн ырк кетти. Бири – бирин жектей башташты. Уруш күчөдү. Бирин бири аңдышмай күчөдү. Кыскасы кичинекей үйбүлөдө анархия өкүм сүрүп калды. Аны ал бала жарыя айтпай эле үйбүлө чогу отурганда, апасы баш болуп талкуулашып, атаны уяткарып койсо экинчи андай окуя кайталанбай токтоп калышы толук мүмкүн да.

Мындай “Анархистер” кандайча пайда болушууда? Бул да болсо кадр саясатындагы көп жылдардан берки өзүм билемдиктин жыйынтыгы. “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” – деген мыйзамдын талаптарын сактабагандык бүгүнкү “чертополох” абалды жаратты. “Жаман илдет жугуштуу”- дегендей мындай оору тээ А.Акаев Президент болгондон башталды. “Эгер сенин “физик” –деген билимиң болсо, жогор жакка жаксаң “хирируг”- деле  кылат.  Медайымдын жардамы менен жок дегенде сокур ичегини союп иштей бересиң”- деген аския кеп ошол жылдары чыккан.

Мамлекеттик кызматтарда бир күн да иштебегендер, анын ысык суугун тартпагандар түз эле министр, губернатор, элчи сыяктуу өтө жоопкерчиликтүү иштерге барышууда. Жыйынтыгын мен чечмелеп айтпасам да түшүнүктүү болууда. Интернеттин соцтармактарында кийнки кездерде улам талкууга түшкөн жоруктар буга күбө.

Урматтуу депутаттар!

Сиздер бул маселеге олуттуу карап, тез арада тиешелүү чара көрүп, кадр саясатына карата мыйзамдык талапты күчөтүп, мамлекеттик кызмат, жана кадр тандоо ишин туура жолго салбасаңыздар мамлекетте анархия күчөп адатка айланса аягы жакшы болбойт. Мамлекеттүүлүгүбүзгө, анын бекемдигине олуттуу зыян келет.

     Сиздерди урматтоо менен   Чолпонбек Абыкеев жазуучу

R.S  Менин депутаттарга минтип ачык кайрылуум айрымдарга таптакыр жакпашын да  жакшы түшүнөрүмдү астына ала айта кетмекмин. Себеби коом өзү түрлүү мүнөздөгү көп катмардан турат. Ал катмардын ичинде анархияны сүйгөндөр да жетишээрлик бар. Алар коомдо дайыма чуу болуп, адамдар бири- бирин чукуп, урушуп- талашып, ызылдап турушун, мыйзамдуулук, коллективтеги ички дисциплина дегендин сакталбашын каалашат жана ошондой башаламан жашоодон рахат алышат. Ошондуктан андай катмардын мага карата мамилелерин деле түшүнүү менен кабыл алам. Мага ишенбесеңер 100 жыл мурдагы Октябрь революциясынын тарыхын кайра барактап чыгып, “Анархистер”- деген кимдер болушканын жана алар кандай иштерди жазашканын окугула. Ошондо көзүңөр ачылат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: