Menu

Аликбек Жекшенкулов, экс-тышкы иштер министри: “Камчыбек Ташиев элдин көзгө басар уулдарынын катарында турат”

Бөлүшүү:

– Камчыбек Ташиевди коп жылдан бери тааныйм. Анын адамгерчилик сапатын жогору баалайм. Өзү жаш саясатчы катары 2005-2006-жылдардан тартып көрсөтө баштаган. Камчыбекти кыргыз улутуна, элине күйгөн, мекенчил сезимдери күчтүү, кыргыздын мыкты жигиттеринин бири деп билем. “Бирде жигит тоо минет, бирде жигит жоо жүрөт” дейт эмеспи, анын сыңарындай, ар кандай кырдаалга туш болду, бирде бийликте отурса, бирде куугунтукка учурап, кыйынчылыкты жон териси менен сезди. Кандай кырдаал болбосун өзүн бирдей алып жүрдү, барга көөп, жокко чөккөнүн байкай албадым. Атамбаевдик бийлик адилетсиз камаганда да духун түшүрбөдү. Жигитчилигин көрсөтүп, баарына чыдап, сынбай туруп берди. Булардын баары анын күчтүү саясатчы экенин далилдеди. Акыркы жылдарда бийлик катарында болбосо да, элим-жерим деп күйүп, элдин маселесин чечип берүү менен алектенип келатат. “Эр ортону элүү жаш” дейт. Элүү жаш жигиттин толуп-болуп турган учуру. Камчы иниме бекем ден соолук каалайм, ойлогон ойлоруна жетсин. Кыргыз мамлекети үчүн иштеп бергенге чоң кызматтарды аркаласа туура болот деп ойлойм. Мындай өткүр, мекенчил жигиттерди иштетип, акылын, эмгегин эл-жер үчүн пайдаланышыбыз керек. Бир сөз менен айтканда, дээринде бар жигит. Мурдагы бийлик канча ирет жаманатты кылууга аракеттенди, аны саясатты түшүнбөгөн караңгы адамдар гана туура кабыл алышпаса, Камчыны тааныгандар, анын элге кандай иштерди жасаганына күбө болгондор ишенишпеди. Ошондуктан, жаманатты кылуу аракеттери суу кечпей калды, ага жаман сөз жабышкан жок, дагы да болсо элдин көзгө басар уулдарынын катарында турат. Өзүнүн шайлоочуларынын гана эмес, жалпы элдин алдында урмат-сыйга ээ экенин танбашыбыз керек. Анда нагыз баатырларга таандык мүнөз бар. Чындыкты бетке айтат, сатып кетмей сыяктуу адаттардан алыс, түз жүрүп, түз сүйлөйт. Баатырлар кыйынчылыкка кез келгенде билинишет. Камчыбектин саясий жашоосунда андай учурлар арбын болду. Солк этпей, адамдык, адамгерчилик сапатынан тайбай, баарын тегиз көтөрдү. Иниме ийгиликтүү, байсалдуу сапар каалайм.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: