Menu

Элчиликке тыңчылык кылган ИИМ офицерлери соттолду

Бөлүшүү:

“АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин кызыкчылыгына маалымат берди”- деп айыпталган ички иштер министрлигинин мурдагы жана учурдагы кызматкерлерине карата соттун өкүмү чыкты. Мындай маалыматты Ички иштер министрлиги да расмий түрдө тастыктады. Министрликтин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитовдун билдиришинче, жоопкерчиликке тартылган адамдар мурда ички иштер органдарында кызмат өтөгөн. “Мурда бизде иштеп, кийин АКШ элчилигине жумушка орношкон экен. Мындан соң ички иштер органдарында чогуу иштешкен кесиптештеринен маалымат алып турушкан. Мен алар алган маалыматтарды деле көрдүм. Анда айрым машинелердин номерлерин тактап, андан сон АКШнын элчилигине берип турушчу экен”,- деди Бакыт Сеитов. Жогорку Сот бул иш боюнча сот өкүмү купуя маалымат катары таанылганын кабарлады. Жогорку Соттун маалымат катчысы Сюита Соурбаеванын айтымында, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда мындай кылмыш иштин каралганы анык, бирок “купуя маалымат” катары гриф ыйгарылганы үчүн соттун өкүму жарыяланбайт. Ал эми АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен бул о куя боюнча эч кандай комментарий берилбей тургандыгын кабарлашты. Буга чейин жергиликтүү гезиггердин биринде “Кыргызстандын ИИМинин офицерлери АКШнын элчилигине чалгынчылык кылган” деген макала жарыялаган. Анда Ички иштер министрлигинде мурда иштеп кеткен Бишкектеги АКШ элчилигинин Самат Шерипбеков жана Кумарбек Чалданбаев аттуу коопсуздук кызматкерлери менен ИИМдин учурдагы офицерлери Мирлан Тойчиев Эмилбек Карачевди быйыл мак айында Биринчи Май райондук соту Кылмыш кодексинин ‘Чет элдик уюмдар үчүн маальшатгы топтоо жана жөнөтүү максатында кызмат абалынан аша чабуу” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапканы жазылган болчу.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: