Menu

С.Жээнбековдун өзү тааныбаган “туугандары көбөйдү”

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков 20-сентябрда Чүй облусунун Кемин районуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, үй-бүлөлүк башкарууга жол бербей турганын кайталады. Мамлекет башчы президенттин атын сатып, ар кандай иш кылгандарды жазалоону тапшырганын да билдирди. “Атайылап «Жээнбеков Бакиев болуп калды, бир туугандары бийлеп, тейлеп жатат» деп айтып жатышат. Мен эч кимди кийлигиштирбейм билип калсам ага катуу чара көрөм. Аны баары билет. Бирок менде азыр мен тааныбаган «тууган», «дос» көбөйдү, ар жерден чыгып жатышат. Ооруканага, ал жак, бул жакка барып, «тууганы болом» деп кызматка тургандар көбөйүптүр. Мен айтпайм дагы, ошентип айтса андай шылуундарды камагыла деп жатам. Мурдагы президенттердин тажрыйбасы мага чон сабак. Менин бир уул, бир кызым бар. Уулум 4-класста окуйт. Ал Максим Бакиевдей болгончо мен кызматтан кетем. Менин максатым – президенттикти жакшы тапшырып, эл менен аралашып журүү”,-деди мамлекет башчысы. Чын эле эгер буга чебинп курган президенттер А.Акаев К.Бакиев жана куулбаса да элге жек көрүнгөн акыркы мамлекет башчы А.Атамбаевдерди эске алсак аларды жек көргөзгөн тегерек-четиндеги аткошчу, акыл-кошчулары менен тууган-уруктары эмеспи. Бул жагдайды жакшы билген азыркы президент С.Жээнбеков инилери менен туугандарын бийликке жакын жолотпоо аракетин көрүп аткандыгы колдоого аларлык. Бирок өзү айткандай, болбой эле айрым шылуундар президенттин атын сатып атышпайбы. Ошондуктан С.Жээнбеков сөзүн иш жүзүндө далилдеп, мындай хамелеондорду сестентиш үчүн жок дегенде бир-экөөсүн кармап, эл көзүнчө жазалап койсо, башкаларына да сабак болор эле.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 8 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: