Menu

Ташкент мэриясы мамкызматкерлерди гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасоого чакырды

Бөлүшүү:

Ташкент шаардык акимчилиги министрликтер менен мекемелерди кызматкерлерин системалуу түрдө гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасатууга чакырды. Бул тууралуу мэрия Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Калаа жетекчилиги тарабынан уюштурулган алгачкы мындай иш-чара 25-сентябрда эртең менен Ташкенттеги «Миллий бог» сейил багында болуп, ага 200 аял катышты. Андан тышкары «Элдер достугу» ордосунун алдында 100дөн ашык киши гимнастика жасады.

«Ташкент шаардык акимчилиги менен Шаардык дене тарбия жана спорт башкармалыгы бардык министрликтер менен мекемелерди жуманын бир күнүн Спорт жана ден соолук күнү деп белгилеп, «15 мүнөттүк физикалык тарбия» акциясына активдүү катышууга чакырат», — деп жазылган мэриянын билдирүүсүндө.

Акимчилик жумуш күнү узакка созулган мекемелерде чарчоонун алдын алууга жана кызматкерлердин духун көтөрүүгө багытталган гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасоо системасын киргизүүнү сунуштады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: