Menu

Токтоайым Үмөталиева, укук коргоочу: Камчыбек Ташиев өзүн чыныгы саясатчы катары көрсөтө алды

Бөлүшүү:

– Кыргыздын баш көтөруп, өз позициясынан жанбай, бир багытты карманып сапар тартып келаткан жигиттеринин бири – Камчыбек Ташиев. Кыргызда аргымак минип алдыда жүргөн жигитгер саналуу гана. Саясатчы катары эми катуу такшалды, алдыда аткара турган иштери арбын. Буга чейин көп нерсени көрдү, депутат болуп жеңил-желди убактаң да өттү, каражат болсо эле депутат болуудан өткөн оңой нерсе жок, бирок саясатта атыңды булгабай, сакталып калуу кыйын. Чоң саясатка кадам таштаган инсандардын башына нелер гана келбейт, ар кандай кырдаалга баш ийип сынып калбай, желегин татыктуу көтөрүп жүрүү баарынын эле дараметине ылайык боло бербеси анык. Саясатчы депутат болуу менен гана чектелбейт, эл алдында элдик маселелерди көтөрүп, элдин таламын талашуусу абзел. Бул жаатта Камчыбек Ташиев өзүн чыныгы саясатчы катары көрсөтө алды. Куугунтукка кабылган учурунда өзүн татыктуу кармап, абройун түшүрбөгөнү, жанындагы адамдарды сатпаганы, таймашта акыр аягына чейин туруп, кадыр-баркын коротпой жеңишке жетишкени эле өзүнчө мактоого арзыйт деп ойлойм. Ар бир саясатчы мына ушундай сыноолор менен такшалат. Кээ бири сынып калып, кайра артына кайтса, кээ бири Ташиевдей кыйынчылыкка карабай алдыга умтулат. Канча деген тоскоолдуктан кийин да саясатка кайтып келиш ар бир инсанга тийиштүү көрүнүш эмес. Муну жүрөгүндө тоодой эрки, май-ышпас кайраты барлар гана жасайт. Анан да, мен Камчыбек Ташиевди 50 жаш мааракеси менен кутгуктап жатып, келинчегине да ыраазычылык билдирет элем. Чынында, саясатчынын жубайы болуш оор. Жакшы күндөрдө, бийликте отурганда жубай болуу оңой сезилгени менен, куугунтукка кабылууда өмүрлүк жары жанында колдоп турбаса эр жигитке кыйын эле. Эр жигиттин бир бактысы анын жубайында. Жубайы колдоп, түшүнүп, алдыга учса канат болуп, артка кайтса коноорго жай даярдаган учурда гана жигиттер ойду омкоруп, тоону томкорушат. Камчыбек Ташиевдин өсүп келаткан уулун да байкап жүрөм, атасынан алдыга кетсе кетсин, бирок артта калбасын деп ага да тилек айткым келет.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − 29 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: